Кол коюлган чечим – коррупционерлерди кокуйлатканы калды

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-февралда “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду. Эске сала кетсек чечимдин долбоору 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Төмөндө чечимдин айрым урунттуу жерлерине көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз.

Коррупция менен күрөшүүнүн чечкиндүү кадамдары башталды

Бул чечимдин кабыл алынышы менен Кыргызстанда сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук системаны түзүүнүн жаңы барагы ачылды десек да болот. Баарыдан мурда Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция көйгөйүн улуттук коопсузду-губузга коркунуч келтирген көрүнүш катары баалап, “Коррупция менен күрөштө эң башкы күч – Президенттин саясий эрки! Ал менде бар. Мен ал күрөшкө даярмын”, – деген чечкиндүү билдирүүсү калк тын калың катмары тарабынан колдоого алынып, ал түгүл бийликти “акырын басса аксак, катуу басса тас-как” деп тергеп туруучу оппозиялык тондуулардын да кубаттоосуна ээ болду.

Айта кетүүчү нерсе Президент Сооронбай Жээнбе-ковдун коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жарыя-лашын айрым эксперттер анын колунун тазалыгы менен түшүндүрүшүүдө. Эксперт Алмазбек Акматалиев “Кыргыз Туусуна” (№11 2018-ж 13-февраль) төмөндөгүдөй пикирин билдирген: “Саясатта биринчи жетекчинин «моралдык укугу» деген түшүнүк бар. Мааниси, эң оболу өзүң таза болушуң абзел. Бул жагынан Президент Сооронбай Жээнбеков кынтыксыз. Ушундан улам, анын коррупция менен күрөштө чечкиндүү чараларга барганга толук моралдык укугу бар. Биздин шартта, мен атаган моралдык укук, керек болсо, Президенттин конституциялык укуктарынан да өйдө турган нерсе экенин жакшы билебиз. Президент эң маанилүү жана талылуу жерди, коррупция – ошол коррупция менен күрөшө турган органдардын өзүндө гүлдөп жатканын көзгө сайып көрсөттү. Бүт укук коргоо, сот системасы терең реформага муктаж экени анык болуп калды. Президент бул жаатта чечкиндүү кадамдарды жасаганга өтө ыңгайлуу шарт түзүлдү, убактысы да туура тандалган”… Туура пикир. Айтылгандай Президенттин бул багыттагы чечкиндүү кадамы бир жагынан эл тарабынан ишеним жаратса, экинчи жагынан коррупцияга каршы турууда жалпы элдин өзүн тартууга өбөлгө түзүүдө. Коррупцияга каршы күрөштүн жол картасы болуп саналган бул чечим ушунусу менен маанилүү.

Чечимдин өзөгү эмнеде?

Ал эми чечимдин өзөгүнө келсек, ал – коррупциялык фактыларды жана себептерин аныктоо гана эмес, аларды түздөн-түз жоюуга багыттала турган жаңы чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгын көрсөткөнүндө. Башкача айтканда мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылган институттардагы – сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы түздөн-түз укук бузууларга каршы күрөшүүгө мамлекеттин бүткүл күч аракетин багыттоо талап кылынат. Ошондой эле аталган органдарда коррупцияны жоюу жана аны пайда кылуучу себептерди жок кылуу, аталган мамлекеттик органдардын аброюн жана жарандардын аларга болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу, алардын ишиндеги ачык-айкындуулукка жетишүү башкы максат экендиги айтылат.

Көрүнүп тургандай, коррупцияга каршы күрөшүүдө бир катар мыйзамдарды, күндөлүк иште колдонулуучу жоболорду өзгөртүүсүз алдыга жыла албайбыз. Чечимде Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Жогорку Сот, Президенттин аппараты бул багытта биргелешип, бир катар мыйзамдарды кайра карап чыгуусу сунушталган. Булардын ичинен өзгөчө белгилеп кете турган жагдай бул – менчик укугу. Бирөөлөрдүн кирешелүү менчигин ар кандай айла-амалдар, коркутуп үркүтүүлөр, ачык эле рейдерлик менен басып алуу боюнча көп эле мисалдар болуп келгенин билебиз. Чечимге ылайык мыйзамдын тиешелүү бөлүктөрү өзгөртүлсө мындан ары андай аракеттерге тыюу салынар.

Чечимде коомчулук күтүп жаткандай укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарында кадрлык потенциалды жаңылоо, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жол бербөө чараларынын так жана даана көрсөтүлүшү да абдан ынанарлык. Айталы чечимде 2018-жылдын 30-июнуна чейин укук коргоо жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык жайларда жарандар менен байланышта болгон аракеттерине видео байкоо жүргүзүү системасы киргизилет.

Мындан тышкары аталган органдардын кызматкер-леринин өздөрү гана эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан чет өлкөлүк компаниялардын жана уюмдардын баалуу кагаздарын, акцияларын жана уставдык капиталдарындагы үлүштөрүн сатып алууга мыйзамдык тыюу салуу жагы да айтылган. Эң башкысы сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери Өкмөт тарабынан аныкталган банктарда гана банктык эсептерин ачууга милдеттендирилет, ошондой эле алардын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн накталай формада сатып алууларын жана бүтүмдөрүн жүргүзүүнү 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин чектөө, кызматкердин өздүк барагына 200 эсептик көрсөткүчтөн жогору суммадагы анын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык сатып алууларын каттоо, бул талаптарды бузуучу кызматкерлерди ишенимди жоготконуна байланыштуу ээлеген кызматынан токтоосуз бошотууну караган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

Сот адилетсиздигине жол берген судьяларга сооп болбойт

Дагы бир боло келген көрүнүшкө – кайсы бир коомдук резонансты жараткан кылмыштар адегенде дүңкүлдөп, анан барып дайындареги табылбай, атургай «камалды» деген “каармандар” эчтеке болбогонсуп эл арасында жүргөнүнө баарыбыз күбөбүз. Чечимдин Кыргыз Республикасынын Жо-горку Сотуна сунушунда – соттор тарабынан оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде кызматтык кылмыштар, коррупция жана мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти ири жана өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо менен байланышкан кылмыштар үчүн соттолгондорго жазалоо чарасы катары эркиндигинен ажыратууну гана аныктоочу чечимдерди чыгаруусу талап кылынат.

Муну чечмелей келсек мындан ары жогоркудай кылмышка шектелгендер тергөө бүтүп, соттун чечими чыкмайынча камакта болушат. Бул аларды сотко же тергөөгө кандайдыр коррупциялык жолдор менен таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Ушундай эле чара оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганга айыпталган сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата да колдонулуп, сот өндүрүшүнүн бүтүндөй мөөнөтүндө баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө жүргүзүлөт. Ал эми кызматтык мыйзам бузуулар, коррупция, мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мүлкү милдеттүү түрдө мамлекетке тартылып алынат (конфискацияланат). Кошумчалай кетсек, судьялардын мыйзам бузуу фактылары же болбосо сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүдөгү олуттуу  кесепеттерге алып  келген  ак  ниет-сиздиги, ишти атайылап создуктуруусу аныкталса, чечимдеги сунушка ылайык  КР  Судьялар кеңешине  караштуу Тартип комиссиясына судьялар боюнча кай-рылуу үчүн негиз болуп берет.

Ошондой эле Кооп-суздук кеңешинин чечимдин Жогорку Сотко сунушунда «2018-жыл-дын 1-июлуна чейинки мөөнөттө  кызматтык жана  экономикалык кылмыштар, менчикти уурдоо чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча козголгон, сот органдарынын өндүрүшүндө турган кылмыш иштери боюнча соттор тарабынан чыгарылган актоо өкүмдөрү боюнча, кылмыш иштерин кайра карап чыгууга жөнөтүү менен кылмыш иштерин кыскартуу же төмөн турган соттордун чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө сот актылары боюнча талдоонун натыйжаларын Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунда карап чыгуу менен жүргүзсүн» деп айтылат.

Бул – кызматтык жана экономикалык кылмыштар, менчикти уурдоо чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча “жабылуу аяк жабылуу” боюнча калтырылган далай иштердин бети ачылат дегендикке жатат. Мындай кылмыш иштерин кыскартуу жөнүндө чечимдер же актоо өкүмдөрү чыгарылган учурларда мамлекеттик айыптоочу тарабынан жооп кайтаруу болбогон фактылар аныкталса, Кыргыз Республикасынын Президентин маалымдоо менен тиешелүү маалымат Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлөт.

Эски кылмыштар эгерим унутулбайт

Чечимдин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна сунушталган бөлүгүндөгү көңүл буруучу нерсе 2018-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө бардык укук коргоо, сот органдары жана прокуратура органдары боюнча Жоголгон, уурдалган жана жок кылынган (өрттөлгөн) кылмыш иштеринин электрондук толук реестрин түзүү, 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө кызматтык кылмыштар-ды, анын ичинде коррупция же мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга карата бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү белгиленген. Ага ылайык мурда мөөнөттү өттү же документтери жоголду делген чуулгандуу кылмыштар кайра иликтенет окшоп калды.

Укук коргоо органдарындагы ачык-айкындуулук

Көпчүлүккө маалым – сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы башкы кемчилик бул ачык-айкындуулуктун жоктугу. Тигил же бул маселе боюнча журналисттердин толук маалымат алуусу тозоктун тозогу. Аталган чечимде ыкчам-издөө иштери тууралуу маалыматты, ошондой эле укук коргоо органдарына кайрылган жарандардын арыздары жана кайрылуулары боюнча ишти кеңири чагылдырган басма сөз конференцияларды квартал сайын өткөрүү, коомдук кеңири резонансты жараткан мыйзам бузуулар боюнча жүргүзүлгөн кызматтык жана башка иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын тиешелүү кызматтар тарабынан туруктуу негизде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоону камсыз кылуу сунушталган. Мындан улам, демейде маалымат берүүдөн качкан укук коргоо органдары, чечимде белгиленгендей мындан ары ЖМКларга маалымат берүүгө өздөрү кызыкдар болчу шарттар түзүлүүдө.