Президенттин үч таянычы: дипломатиялык мамиле, өлкөнүн өнүгүүсү жана коррупцияга каршы күрөш

Президенттик шайлоо кайсыл өлкөдө болсун мамлекет жана эл үчүн эң чоң, олуттуу окуя. Анын үстүнө, мамлекет башчылыгына жаңы адам келген жагдайда. Республикабызда өткөн күздө болгон шайлоодо эл келечекке илгери үмүт менен карап, өз тандоосун жасады. Адатта, коомчулуктун талапкердин берген убадаларына ишенип, алданып да кала турган учуру болот. Мындайды кыргыз эли да башынан кечирди. Мисалга алсак, 2005-жылдагы президенттик шайлоо. Ал эми соңку шайлоодо элдин жаңылышпаганын Президенттин ишке киришкенден берки үч ай ичиндеги ишмердиги айкындап койду.

Сооронбай  Жээнбеков  24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президент кызматына расмий түрдө киришти. Алты күндөн кейин, 30-ноябрда Беларустун Минск шаарында Жамааттык  коопсуздук  келишим  уюмунун (ЖККУ) кезектеги кеңешмеси болгону жаткан. Президент Сооронбай Жээнбеков  29-ноябрда  россиялык  тараптын чакыруусу менен Москвага барып, эртеcине ЖККУ жыйынына катышты. Уюмга кирген мамлекеттердин президенттери катышкан ушул жолугушуу Сооронбай Жээнбеков үчүн акжолтой болду десек болот. Андай деп жатканыбыз – өткөн жылдын жай айларынан баштап боордош кыргыз-казак элинин ортосундагы мамилелерде өз ара түшүнбөөчүлүк орун алып, ал чек ара кызматташтыгына залакасын тийгизип, эки республиканын ишкерлер чөйрөсү, майда соода-сатык менен алпурушкандар кыйналып калышкан. Бул алды менен эки өлкөнүн экономикасына, деги эле, чек ара аркылуу ары-бери катташкан карапайым элге терс таасирин тийгизип, элдин нааразычылыгы пайда болгон.

Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Минскидеги жолугушуусу – булуттан күн жарк этип чыга калгандай туюлду. Жээнбековдун инилик ызааты, Назарбаевдин агалык урматы эки боордош элдин мындан кийинки жолу бир боло тургандыгын алдын ала тастыктады. Көп өтпөй чек арадагы көйгөйлөр чечилди. Эл аралык деңгээлдеги саммитке мамле-кет башчы катары алгач ирет катышкан Минск кеңешмеси Сооронбай Жээнбековдун салмактуу саясатчы, кыраакы дипломат экендигин таанытты. Сооронбай Жээнбековдун бул көрөсөндүгү декабрь айынын ортосунда Өзбекстанга барган расмий сапарында да көрүндү.

Кыргызстан  Президентинин  сапарынын аяктап бара жаткандыгына байланыштуу Өзбекстан Республика-сынын Президенти Шавкат Мирзиёев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө  биргелешкен  маалымат жыйынын өткөрүп жатып: “Сооронбай Шарипович элге жакын, жерге жакын. Дал ушундай адам элдин көйгөйүн түшүнүп, аны чечүүгө жөндөмдүү”, – деп мамлекет башчынын адамгерчилик жана жетекчилик касиеттерине жогору баа бергени демейдеги «дежурный» сөз эмес экендиги байкалды.

Жаңы  жыл  да  жакындап  калган. Жаңы жыл алдында жакшы тилектер, алдыдагы жылдагы максаттар айтылат. Президент 31-декабрдагы куттуктоосунда: «Кыргызстан өнүгүүнүн эң маанилүү мезгилине келди. Өлкөнүн алдында чоң милдеттер турат, өнүгүүнүн узак мөөнөткө багытталган стратегиясын аныктап жатабыз. Биз таза коомду курууга бет алдык. Эң башкысы – коррупция менен чечкиндүү күрөштү улантабыз», – деп айтты.

Ошентип, жыл жаңырарда өлкөбүздү өнүктүрүүнү чоң милдет деп белгилеген мамлекет башчы жылдын алгач-кы  айларында   эки  нерсени  артыкчылыктуу  маселе  иретинде  күн тартибине койду. Биринчиси – аймактарды өнүктүрүү, экинчиси – коррупцияны ооздуктоо.

Президенттин 10-январдагы жарлыгы менен 2018-жыл – аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Күчтүү аймактарсыз күчтүү мамлекет болбойт. Бул талашсыз аксиома. Демократиялуу, өнүккөн өлкөлөрдүн пайдубалдарынын  бардыгы  кеңири  ыйгарым  укуктагы,  ошол  эле  мезгилде кеңири жоопкерчиликтеги жергиликтүү өз алдынча башкарууга, жамааттардын активдүүлүктөрүнө негизделген. Бизде көз карандысыздык жылдарынан бери жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жөнүндө көп сөз болду, бирок иш жүзүндө айрым саясатчылардын “жергиликтүү бийликтегилердин шайлоолордун ж.б. саясий компаниялардын жыйынтыктарына таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу керек” деген пикирдин таасири менен алардын ыйгарымдары азайтылып, финансылык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрү чектелди. Губернаторлор өкүлдөргө айландырылды, төрт баскычтуу бюджет эки баскычтуу болду. Биз аларды бул жерде талдагыбыз келбейт, бирок андай чаралардын бардыгы мамлекеттик башкаруу вертика-лындагы ортоңку звенону же райондук, облустук администрацияларды биротоло алсыздандырып салгандыгы чындык. Облустук, райондук бийликтегилердин жок дегенде селдерден, көчкүлөрдөн жабырлангандарга тез жардам көрсөткөнгө да бюджеттери болбосо, аларды ким бийлик деп эсептейт, ким аларга ишенет? Аймактардын экономикалык, социал-дык көйгөйлөрүн чечүүдөгү ролдору, таасирлери кандай болот?

Сооронбай  Жээнбеков  аймактардагы көйгөйлөрдү жон терисинен өткөрүп келген адам катарында экономикалык, социалдык саясатта адегенде аймактардын түйүндүү маселелерин чечүүгө артыкчылык берүүсү менен жер-жерлердеги тургундардын үмүттөрүн жандантып, ишенимдерин арттырды. Аймактарда ишканалар ачылып, жаңы жумушчу орундары түзүлмөйүнчө ички, тышкы миграциялар азайбайт. Элдин бардыгы эле Бишкекке, Чүйгө агылып, жарымы андан ары сырт тараптарга кете беришсе, жерлерди ким иштетет, төрт түлүк малды ким багат? Чек аралардагы айыл-кыштактар жайдактала берсе, өлкөбүздүн келечеги, коопсуздугу кандай болот?

Албетте,  ондогон  жылдардан  бери жыйылган көйгөйлөрдү бир жылда чечүүгө мүмкүн эмес. Бирок, жакшы максат – иштин жарымы. Быйыл бул багытта ишенимдүү старт алынса, аймактардыреформалап, күчтөндүрүү маселелери четинен чечиле баштайт деп ойлойбуз.

Коррупция – дүйнөлүк практикада мамлекеттин денесиндеги рак дартындай каралат. Рактын шишиги убагында айыктырылбаса, ал организмдеги тирүү клеткаларды өлтүрүп чоңоё бергендей эле мамлекет коррупцияны ооздуктабаса, мыйзамдуулукту шал кылып,  акчалуу нун  гана сөзүн сүйлөгөн, кызыкчылыгын коргогон монстрга айландырат.

Кыргызстанда  буга чейин  деле  коррупцияга каршы  күрөшүү  боюнча сөздөр көп эле болчу, бирок Президент КР Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы отурумунда сүйлөгөнүндөй ачуу чындыктар ачыкка чыгарылган эмес. Анда сот, ички иштер органдарын, прокуратураны, УКМК , финансы полициясын коррупция чырмап алгандыгы ачык айтылды. Кыргызстанда укук коргоо органдарынын гана эмес, балдар бакчаларынан тартып көпчүлүк мамлекеттик жана муниципалдык органдарга чейин коррупциялашып кеткендиги эч кимге жашыруун эмес, бирок мамлекет башчынын күрөштү, «балыкты башынан тазалайт» дегендей, функционалдык милдеттери боюнча коррупцияга каршы күрөшө турган укук коргоо органдарынан баштап жаткандыгы эң эле туура.

Коопсуздук  кеңешинде  айтылган сөздөр дароо жүзөгө ашырыла баштады. Укук коргоо органдарынын жарандар менен байланышта болгон иштерине видео байкоо жүргүзүү киргизилүүдө. Укук коргоо кызматкерлери коррупциялык мотивде кызматтарынан бошотулса, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга алынбайт, соттолгондорунун үй-мүлктөрү толук конфискацияланат, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендер камакка алынат жана соттук териштирүүдө күнөөлөрү аныкталса, эрк теринен ажыратылат.

Сот системасын реформалоо боюнча жыл ичинде 7 кодекстен жана мыйзамдардан турган пакетти кабыл алып, ишке киргизүү милдет кылынып коюлду. Коопсуздук кеңешинин кийинки отурумдарында билим берүү, мамлекеттик каттоо, саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо сыяктуу тармактардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу маселеси талкуулана турган болду.

Кызматына киришип жатып, мамлекет башчы: «аткаминерлердин арасындагы  коррупция  менен  күрөшүү менин Президенттик мөөнөтүмдүн эң приоритеттүү багыты! Бул күрөштүн башкы маңызы – мыйзам алдында баары бирдей болот», – деп айткан болчу.

Жыйынтыктап айтканда, булар алгачкы саамалыктар. Президент Сооронбай Жээнбеков айткан сөзүн жерге таштабай турган инсан экендигин далилдеди. Боордош казак элинин «Бир адам такка минсе, миң адам атка ми-нет» деген байыркы макалы бар. Эми саясат тили менен айтканда, бийликтин биринчи жетекчисинен кийинки орундарга таза, иш билги адамдар келүүгө тийиш. Макалды башкача интерпрета-цияласак, «Бир адил адам такка минсе, миң корруп ционер (атка минер) аттан түшөт» деп айтсак болчудай. Коррупциядан тазарганда гана таза коомду кура алабыз. Сооронбай Жээнбе-ковдун Президент болуусу менен ушул мезгил келди.

Эргали АБДИКАИМОВ, Кыргызстан казактары ассоциациясынын төрагасынын орун басары, юридика илимдеринин кандидаты