Чолпон-Ата шаарында баары эле «чолпон» эмес!

Чолпон-Ата курорттук шаар. Эки ирет Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюну өткөрүлүп, шаарыбыздын атагы алыска тарады. Быйыл үчүнчүсү өткөнү турат. Салыштыра келсек Орто Азия өлкөлөрүндөгү ат майдандары биздикине теңдеше албайт экен. Бул дагы сыймыктанууну жаратат. Ага жанаша «Газпром» курган көп кабаттуу спорт комплекси – шаардын көркү. Эс алуу жайларынын дүркүрөп өсүшү туристтердин агымын арбытты. Көлдү айланган негизги трассанын жаңыдан салына башталышынын шарапаты менен шаар ичиндеги көп жылдардан бери кол тийбеген көчөлөр да оңдоло баштады.Мындай иштиктүү кадамдар улантылып, касиеттүү көлүбүздүн, кереметтүү жергебиздин болгон мүмкүнчүлүктөрүн туура жана иштиктүү пайдалана билишибиз керек.

Кыяматтын кыл көпүрөсүнө айланган кан жол

Ошол эле учурда Чолпон-Ата шаарында айрым көйгөйлүү маселелер толтура. Башкасы – шаарды экиге бөлүп турган кан жол болуп саналат. Райондук жана жергиликтүү бийликтердин көптөгөн кеңселери, милиция, медицина мекемелери, соода түйүндөрү, банктар, тамак-аш, күнүмдүк тейлөө көрсөтүүчү майда-чоң жайлар ушул борбордук көчөнүн боюнан орун алган. Аларга кирип-чыккан жүк унаалары кыймылга “жүк” болуп, тоскоолдук жаратып келет.

Мындан тышкары шаар тургундары, эс алуучулар трассанын оң-сол тарабынан орун алган эс алуучу жайларга, уюм-мекемелерге, базарга ушул борбордук көчө аркылуу гана барууга аргасыз. Өзгөчө жай айларында бул бул жол «кыяматтын кыл көпүрөсүнө” айланат. Жергиликтүү бийликтин мүмкүн болу-шунча жолду кеңейтип, болгон аракеттерин жумшап жатканынына карабастан, тезинен чара көрүлбөсө – Чолпон-Атанын эртеңки абалын элестетүү кыйын.

Бул көйгөйдүн көптөн бери көтөрүлүп келе  жатканы  жергиликтүү  тургундарга белгилүү. Бирок район, шаар бийлиги тез-тез алмашып, талап-көзөмөлдүн жоктугунан, тиешелүү архитектура кызматкерлеринин жоопкерсиздик мамилесинен улам чечилбей келет. Мисалы, Кара-Ой айылынан тартып «ПМК» жана экинчи кичи райондорун байланыштырган жолду улап отуруп шаар-дын чыгыш тарабына, райондук ооруканага чейин жеткирүү анча деле чоң каражатты талап кылмак эмес. Эгер ушул жол ишке кирсе, шаар тургундарына, транзиттик кыймылга ыңгайлуу шарт түзүлмөк, эң башкысы жол коопсуздугу сакталмак!

Жер тилкесин сатууга гана алып койгон “акылдуулар”

Дагы бир маселе – бул үй ээлерине чийип берген долбоордун так сакталышына архитектура тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу. Үй ээлеринин өзү билемдикке салып, жерин көчөнүн эсебинен кеңейтип алуусу, кошумча курулуш куруп же бак-дарак отургузуп алган учурлары арбын. Курулуп, жарандар отурукташканына кыйла убакыт болсо дагы, алигиче аттары аныкталбаган көчөлөр, ал түгүл ушул шаар дабир аз жашап, анан өз атын өзү жашаган  көчөгө  койдуруп  кеткен  жарандар да бар.

Чолпон-Атанын көчөлөрүн аралаган адам (ичкериден келген чоңдор мындай «эрдикке» барышпайт) авто унаа эмес киши араң басып өткөн бузулган жолдорду, кооптуу көпүрөлөрдү, көңүл иренжиткен ыпластыктарды көрөр эле.

Жылдан жылга элдин саны өсүп, турак- жайлар курулуп, шаарыбыз кеңейип баратканы көңүл кубандырат. Ошентсе да үй салууга жер тилкесин сурагандардын саны арбын. Албетте, болгон мүмкүнчүлүктү карап көрүп, алардын суроо-талабын аткарууга аракет кылуу жергиликтүү бийликтин милдети. Бирок, турак-жай курууга он-он беш жыл мурда жер тилкесин алып койгону менен эч бир кыймыл-аракет жасабаган жарандар да бар. Алардын арасында участокторун кымбат баада сатууну көздөп, бул ишти бизнеске айландырып алгандар да жок эмес.

Жашылдандыруу кызматы жок жалгыз шаар

Дагы бир чукул колго алынуучу иш- бул шаарыбызды көрктөндүрүү. Таң калыштуусу шаарда атайын уюшулган жашылдандыруу мекемеси жок, себеби аларды кармоого мэрияда каражат жетишпейт. Бул маселе менен алектенген киши да жок. Чолпон-Ата шаарынын көчө, жолдорун, ээн жаткан аянттарын дүпүйгөн бак-дарактар ээ-леп, көгөргөн көлүбүзгө айкалышып турса, келип кеткендер тамшанышпайт беле, атаганат. Айтылуу Раппопорт аллеясы жаңы курулуштарга байланыштуу түп орду менен алынып салынганына үч жылдын жүзү болуп баратат. Өкүнүчтүүсү ал аллеянын ордуна бир дагы чырпык сайыла элек. Кагыраган жол жээги шаарыбызага көрк кошкон жери жок.

Үстүбүздөгү жылды ажобуз «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялады. Демек, айыл-кыштак, шаарларга байланыш-туу көптөгөн түйүндүү маселелер чечилет деп туралы. Болгону – Президенттин жарлыгын  иш  менен  колдоп,  жогор  жактын түрткүлөөсүн күтүп отурбай, жергиликтүү бийлик  көйгөйлүү  маселелерди  жеринде чечүүгө аракет кылуу керек.

Дүйшеке ДӨКӨНБАЕВ, жазуучу, Чолпон-Ата шары