Аймактык лобби – ашынган жердешчиликпи?

Өлкө башчынын жарлыгы менен 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды. Бул чечим Кыргызстан үчүн күтүлгөн жана пайдалуу болот деп үмүт кылабыз. Жарлыкты ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруу максатында Президенттин аппаратынын тармактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, облус, район жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, министр, депутат жана жарандык коомдун өкүлдөрү – жалпысынан 39 кишиден турган жумушчу топ түзүлдү.

Президенттин жарлыгына таянсак, аймактарды өнүктүрүүнүн программасында жер-жерлерде чакан, орто ишкердикти колдоо үчүн шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, экономиканы өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүүдөн тартып, калкты таза суу менен камсыздоо, эскирген ирригациялык курулуштардын, мектеп, оорукана, бала-бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөөлөр сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү жолдору каралат.

Учурда “Аймактарды өнүктүрүү жылынын”  алкагында  көптөгөн  жолугушуулар жана талкуулар жүрүүдө. Жумушчу топко 2018-жылдын 1-майына чейин мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган. Азырынча кайсы аймактар өнүктүрүүгө муктаж экендиги тууралуу эч кандай маалымат жок. Мамлекет башчы өз сөзүндө “региондор бардыгы тегиз өнүгүшү керек” деп айтып өткөн. Анын пикиринде, аймактардын өнүгүүсүндө дисбаланс көп жылдардан бери жоюлган жок.

“Аймактарды өнүктүрүү саясатын өз гөртпөсөк, айырмачылык андан ары тереңдей берет. Региондорду өз ара салыштырганда да айырмачылык чоң бойдон калууда. Дисбаланс көрүнүп турат, бири өнүксө, бири каралбай калууда. Анткени күчтүүсү бюджеттик да, гранттык да,

насыялык да каражатты тартып кетип жатат. Жашырганда эмне, кайсы региондон чиновник, депутаттар көп болсо, капитал ошол жакка агып кетип жатат. Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган региондордун өнүгүүсү артта калды. Өнүгүүнүн балансы бузулду”,– деген пикирин Сооронбай Жээнбеков 23-январда Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйналышында билдирип өткөн болчу.

Бул сөздөр тегин жерден айтылбаган. Ушул сыяктуу көрүнүштөр болгону үчүн ма-селе көтөрүлүп жатат. Буга байланыштуу кай-сы аймакта аткаминерлер көп экенин санап көрүүнү эп көрдүк.

А дегенде эле Өкмөт башчы Нарындын Кочкор районунан. Ал эми вице-премьер министрлерден Дайыр Кенекеев Таластын кулуну болот. Дагы бир вице-премьер Чолпон Султанбековнын өмүр баянында Фрунзе шаарында төрөлгөнү айтылган интернет булактарында. Аскарбек Шадиев Баткен облусунун кулуну болот.

Ал эми министрлер жана алардын орун басарлары боюнча биринчи орунда Бишкек шаары, экинчи – Ош облусунун Өзгөн району, үчүнчүдө – Нарын облусунун Ат-Башы району турат. Лейлек, Сузак, Ноокен, Түп райондорунун бирден министр уулу бар.

Акыркы жылдары бала бакча, мектеп, спорт аянтчалары сыяктуу объектилердин курулушу боюнча Өзгөн, Кара-Суу, Лейлек, Кочкор, Кара-Кулжа, Ноокат райондору алдыга оозгон. Аталган аймактардан депутаттар, министрлер, алардын орун басарлары, атка-минерлер жана башка бийликтеги салмактуу адамдар көп чыкканы көпчүлүккө белгилүү.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары боюнча сап башында Бишкек шаары – 18, Ош шаары – 9, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунан – алтыдан, Ноокат – 5, Жалал-Абад шаары, Базар-Коргон, Сузак, Кара-Буура, Жайыл райондорунан – төрттөн, Жети-Өгүз, Чүй, Жумгал, Ат-Башы, Араван, Аксы, Лейлек райондорунан – үчтөн депутат шайланган. Тогуз-Торо, Чаткал, Чоң-Алай, Ак-Талаа, Панфилов, Тоң, Түп, Ысык-Көл райондорунан эч бир эл өкүлдөрү жок. Ал эми калган райондордон бирден-экиден депутат шайланган.

Бирок, ар кимдин өзүнүн чындыгы бар дегендей эле, ар бир бийлик өкүлдөрү шайланардын алдында элге убада берип, добуш топтоп жогорку кызматтарга келишет. Анан ошол убадаларын аткаруу максатында, албетте, унутуп коюшпаса, чуркап жүрүшөт. Муну “өз көмөчүнө күл тартуу” деп эмес, өз ишин аткарып жатат деп баа берсек да болчудай. Ал эми күчтүү аймактардын бюджеттик, гранттык, насыялык да каражаттарды тартып кетип жатканы бул алардын үзүрлүү эмгектенүүсүнөн улам болсо керек. Ошентсе дагы, Кыргызстандын кайсы аймагы болбосун баарыбыз үчүн бирдей болууга тийиш. Жогорку кызмат ээлери өз айылыма же районума деп аймактык эмес, жалпы мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүүсү керек. Нарындык депутат же министр Оштогу орчундуу маселени чечүүгө жан дили менен кийлигишсе, баткендик чиновник Таласым деп күйүп-бышып турса Кыргызстаныбыз ошондо чындап оңолмок.