Мен сизди жакшы көрөм, ата!..

Махабат МАВЛЯНОВА, ЖК депутаты: “Мен атамдын кызымын”

Биз – сегиз бир тууганбыз. Атам – Эргеш Мавлянов мугалим болчу. Сабактан келип алып кайра бизди окутчу. Атамдын адамгерчилиги, элге мамилеси да мага сабак болуп калды. Үйгө келген конокко сөзсүз кой сойчу, жок дегенде тоок соер эле. Мен да кийин, студент кезде да атамдын ушул сапатын калтырган жокмун. Өзүм ачка болсом да базарга жөнөп, мейманымды ыраа-зы кылып узатчумун. Кээде: “Өзүбүз кыйналып жатсак, неге?..” – деген ойлор келчү, бирок атамдын меймандостугу жадыма сиңип калыптыр.

Мен атамды тартып, чарбачыл да болдум. Азыр үйдө кадимкидей чарбачылык менен алектенем. Балдарыбызга ата-энемден алган өз тарбиямды бергим келет. Атам таштын үстүнө да чөп өстүргөн адам. Колунан баары келет. Атамдын колу тийген иш сөзсүз үзүрлүү болот. Майын чыгара жасайт. Кечке короодо чарбачылык менен алектенет да, кечинде кирип тээ далайга чейин китеп окуйт.

Шаарга келген сайын экөөбүз сыр чечишип, сырдашабыз. “Мен тарыхтын мобул жерине чейин окуюн, сиз мобул жерине чейин окуңуз, анан ой бөлүшөбүз”, – деп кээде жарышып окуган учурубуз болот.

Бар болуңуз, атаке, мен сиз менен сыймыктанам жана сиздин дагы сыймыгыңыз болгум келет.

Майрамбек ТОЙГОНБАЕВ,Жогорку Кеңештин аппаратынын эксперти: “Үй-бүлөдө атанын орду өтө чоң!”

Менин байкашымча көбүнчө интервьюларда же эскерүүлөрдө энелерге көп басым жасалып, аталарыбыз унутта калгандай сезилет. Эне менен ата үй-бүлө үчүн арабанын эки дөңгөлөгүндөй деп билем.

Атам – Осмонаалы Той-гонбаев, Ат-Башы районунун Большевик айылынын тургуну. Атам – менин тирегим, билегимдин, белимдин каруусу. Атамдын касиети – анын караанында. Ошондуктан мен эч нерседен коркпойм, тайманбайм. Себеби, атам мени ушундай тарбия менен өстүргөн. Мен атамдын баскан жолу, өз айылына, өз элине кылган кызматы менен сыймыктанам! Атакемдин карааны Ат-Башынын Аскар тоолорундай. Мен барган кезде биринчи ошол тоолор, анан атам тосуп алат.

Уулдары үчүн кам көргөн жан сизче болбос, атаке! Сиз бар үчүн телегейибиз тегиз, маанайыбыз жайдары. Эгерде сиздин небереңизди мен өзүмдөн артык тарбияласам, ошол тарбия сиздики деп билиңиз, ата.

Меңди МАМАЗАИРОВА, жазуучу: “Жолон, мен, төрт балам болуп, атамды жомок айттырып, жыргап укчубуз”

Жаңы чыгармама атам айткан «Жарыл таш» жомогун пайдаландым. Жолондун «Олокон» деген мультфильми да атам айткан жомок. Биз: Жолон, төрт балам болуп, бир нече жолу атама жомок айт-тырып, жыргап уккан учурубуз болду.

Кийин,  картайганда: “Жарабайм, алым келбейт”,  –  деп  баш  тартчу. “Неберелериңиз сурап атат”, – дегенде акыры макул болчу да, 50дөгү жигиттей чыйралып кетчү айтып атып, таң калып карап отурчубуз. Мен атам тууралуу эсселерде жаздым. Анан атам чыныгы калыс эле, азыр ойлосом. Бардык чиелешкен иштерде атам калыс сөзүн айтып жөнгө салчу. Атам бизди эч качан жаман сөз менен тилдечү эмес. Андан көрө апамдан коркчубуз. Апам туура эмес иш кылсак көп сүйлөбөй баштан нары коюп калчу. Атамдын артына корголочубуз. Өмүрү оозунан жаман сөз чыкпаган адамдарды кийин көргөн жокмун.

Бир мисал: айылыбызда Акмат миң башы деген тууганыбыз бар болчу. Кезинде басмачы болуп, кылбаганы калбаган. Ошол өз энесин тепкилегенде эч ким жанына жолой алган эмес экен. Ошондо да атам Мамазаир барып, бутуна жармашып, эчен тепкисин жеп атып ажыратып калганын айтышат.

Калича ЖАКЫПОВА, акын 

Атама кат…

Эсимде, ал кезде тамга тааный элек, мектепке бара элек кезим. Бирок жумуштан келгенде же дем алыш күндөрү үйдө болгондо эрикпестен алдыңызга алып отуруп китеп окуп, анан мени жакшылап түшүнсүн, эсинде калсын деп кайра ошол оку-ган китептеги окуяларды тажабай кайталап айтып берчүсүз. Алиге чейин ошондо сиз окуп берген чыгармаларды унуткан жокмун.

Эсимде, сиздин жумуштан келээр убакты чыдамсыздык менен күтүп жол карап, алыстан сиздин карааныңызды көргөндө чымын-куюн болуп тосуп чыкчумун. Үйдө момпосуйдун бар экендигине карабастан, сиздин чөнтөктөн алып жеген момпосуй мен үчүн ушунчалык чоң “дүнүйө” эле. “Атам алып келип берди” – деп мактанып жеп жаткандагы керемет сезимди сөз менен жеткириш мүмкүн эмес.

Апам менен сырдаш элем. Ага баарын айтчумун. Бирок мектептен начар баа ала турган болсом, сизге көрсөтүүдөн уялаар элем. Апамдын сизге айтпай эле коюшун суранган күндөрүм болгон.

Эсимде, мектепти бүтүп борбордо окуп жаткан жылдары бир үйдө жашап жатсаңыздар да, күн алыс сизден бир бөлөк, апамдан бир бөлөк кат ала берчүмүн. Ошол кезде жатаканадагы жашаган студенттердин ичинен эң көп кат алган бактылуу студент мен болсом керек. Өз үйүнөн алыс чыкпаган кичинекей кара кыздын сагынычы ошол каттарды окуу аркылуу жазылып калаар эле. Азыр дагы ошол каттарды аздек буюмдай кастарлап сактап келем.

Азыр бүлө күтүп өз алдынча түтүн булатсам да, дагы дале үйгө барып ошондогудай китеп окуп беришиңизди каалап, дал ошондой бадырак жеп, жана ошондогудай эле чөнтөгүңүздү аңтарып момпосуй таап жегим келет. Анткени, мен канча жашка чыкпайын, кандай шартта жашабайын сиз менин атамсыз да! Сиздегидей камкордукту, сиздегидей мээримди эч жерден таба албастырмын. Сиздин жаныңызда өткөргөн ар бир ирмем үчүн ыраазымын.