Кокого жеткен коррупция кокодон алына баштадыбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде күч түзүмдөрүнүн ишмердигиндеги коррупцияны катуу сынга алды. Президенттин сөзүнөн кийин коомчулукта, “Президент коррупцияга карата чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө белсенди”, “Айтылган сөздөр ишке ашса, мамлекет өнүгөт эле” деген сөздөр айтыла баштады. Анын ичинде күч түзүмдөрүндө кыйла өзгөрүүлөр боло турганы болжонуп жатат. Алсак, Президенттин Коррупцияга каршы кызматын натыйжалуу иштей албаганын сынга алып, андан кийин аталган кызматтын жетекчисин кызматтан алды.

Айланы кетирген аткезчилик

Өткөн жылдын аягында Казакстан Кыргызстан чек-арасы жабылып, бир топ көйгөй жараткан болчу. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө казак тарап, чек арада орун алган аткезчилик абдан ашынып кеткенине ишарат жасаган болчу. Бажы тармагында болуп жаткан коррупция жаатында коомчулукта көптөн бери ар кандай кептер айтылып келет. Бажы тармагында жетекчилик алмашкандан көп өтпөй, Бажы кызматынын учурдагы жетекчиси Кубанычбек  Кулматов  январь  айында  бажы  төлөмдөрү  Ош  бажыканасында он эсе көбөйгөнүн 5-февралда Премьер-министр  Сапар  Исаков  менен  болгон  жолугушуусунда  билдирген. Бул жаңылык эл үчүн күтүүсүз деле жаңылык болгон жок. Себеби, бажы төлөмдөрүнүн көбөйүп жатышын биринчи кезекте бажы кызматындагы жетекчиликтин алмашканы менен байланыштырып, көп жыл бул тармакты мыкчып турган адамдын кызматтан алынышын Премьер-министр Сапар Исаковдун бажы кызматындагы жемкорлукка каршы жасаган чечкиндүү кадамы катары кабыл алышкан.

Бажы тармагы коррупцияланып кеткени эч кимге деле жашыруун эмес экенин Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин төрайымы Нурипа  Муканова айтат.  Анын  айтымында,  бул  жерде чоң коррупциялык схемалар бар. Аларды калкалай турган чоң чиновниктер дагы бар.

– Акыркы эки жылдын аралыгында бажы тармагынан түшкөн каражат азайып кетти. Мунун ЕАЭБге киргенибизге байланыштырып  жатышты.  Бирок  ЕАЭБге киргенде  тетирисинче  товар  айлануу көбөйдү. Анткени транзиттик жүктөр абдан көп болду. Ошондуктан мамлекетке түшкөн каражат көбөйүшү керек эле, бирок андай болгон жок. Демек, аталган тармакта коррупциялык схемалардын иштеп жатканынан кабар берет. Кыргызстан кичинекей болгондуктан баары билет, контрабанда аябай өсүп кетти. Бул тууралуу керек болсо, жөнөкөй жарандар айтып башташты. Өзүңүздөр ойлонуп көрсөңүздөр, жөнөкөй адам Кыргызстандын бүт аймагы менен контрабандалык товарды алып өтө албайт. Аларды калкалап жаткандар, “откат” алгандар болуп жаткан үчүн контрабанда өнүгүп жатат, – дейт Муканова.

Нурипа Муканованын пикиринде бул тармакта Президенттин жыйынтык чыгаргыла деген тапшырмасынан кийин, бул тармакта түзүлүп калган схемаларды талкалап, жаңы система тургузуш керек. Болбосо, жыйынтык чыкканы менен бир аз убакыттан кийин кайрадан эле эски схемалар иштеп башташы ыктымал.

Ал аңгыча 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч түзүмдөрү масштабдуу операция жүргүзүп, бажы аткезчилигине байланыштуу 30дан ашуун кишинин кармалганын маалымдады. Алардын ичинде Кыр-гызстандын 3 жараны бар экени айтылды. Кийин белгилїї болгондой, 3 жарандын бирєє Жогорку Кеўештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу болуп чыкты.

Казакстандын Башкы прокуратурасы жарыялаган видеодо мекеменин расмий өкүлү Оксана Лоскутованын айтымында, атайын операция менен узакка созулган оперативдүү иштерден  кийин  жүргүзүлгөн.  Натыйжада казак-кытай чек арасындагы «Алтынкөл», «Калжат» жана «Хоргос» бажы постторунда, казак-кыргыз чек арасындагы «Кара-Суу» жана «Кордай», Өзбекстан менен чек арадагы «Сарыагаш»,»Казыкурт», «Атамекен» жана «Капланбет» участокторунда эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз жол менен ташуу схемаларынын бети ачылган.

Ошондой эле контрабандалык товар Казакстанга Кытайдан түз, же жасалма документтер, бажы системасындагы тымызын схемалардын жардамы менен Кыргызстан аркылуу киргизилип турганы белгиленди. Бардыгы болуп операциянын жүрүшүндө сегиз кылмыштуу топ жок кылынганы кабарланып, учурда экономикалык аткезчилик, трансулуттук кылмыштуу топ түзүү, коррупция фактылары боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

ИИМдин айланасындагы интригалар

Жыл  башында  интернет айдыңында Ички иштер министрлигине тийиштүү чуулу маалымат тараган. Анда ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаровдун Россиядан уурдалган кымбат баалуу унааларга тиешеси бар экени айтылган. Бул маалыматты мекеме төгүндөп, коомчулуктун алдында ички иштер органдарынын кадыр-баркын түшүрүү максатында даярдалгандыгы айтылган болчу.

Президент күч структураларын өздөрү коррупциялык схемаларга аралашып кеткенин айткан жайы бар. Көп өтпөй, Ички иштер министри Улан Исраиловго ИИМдин ичинен иритип жаткан “погончон кылмышкерлерден” тазалоо керек таризинде тапшырма берген.

Мындан  көп  өтпөй  ички  иштер  органдары  8 киллограм гашиш менен эки полковникти кармашты. Алар болгондо да Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жана Ички иштер министрлигинин пенсиядагы полковниги экени аныкталды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы эксперт Алмазбек Акматалиев:“Негизи эле укук коргоо, прокуратура, сот түзүмдөрү коррупциянын башында турат деген пикир жаңылык деле эмес. Муну эл жана коомдук пикирди изилдеген агенттиктер айтып, тастыктап келе жатат. ИИМ да мындан четте калган жок, тилекке каршы. Албетте, ИИМдин полковниктери кармалганы да мунун далили катары кабыл алынат. Чоң коррупция, системалуу коррупция укук коргоо органдарынын катышуусу менен гана болушу мүмкүн. Ал органдар коррупцияга киришип кетүү мүмкүнчүлүгү алда карай жогору. Себеби, алар мыйзам боюнча көзөмөлдөйт, текшерет, камайт, санкциясыз берет. Ошондуктан бул органдар тазаланмайын, майда-чүйдө коррупцияланган тармактар тазаланбайт”, – деген пикирин билдирди.

Башкы прокуратура ишти илгерилетүүгө белсендиби?

Маселен, Transparency International уюмунун рейтингинде Кыргызстан 176 мамлекеттен 136 орунда турат. Президент буга себеп, ага каршы күрөшчү органдардын өзү коррупциядан чыга албай  жатканы  менен  байланыштырып, козголгон кылмыш иштери менен соттолуп же жазасын алгандардын ортосундагы чоң айырма бар экени айткан. Алсак, акыркы эки жылда 76 миңден ашык кылмыш иши козголсо, анын отуз пайызы гана сотко жеткен. Соттогу иштин 12 пайызы боюнча гана кылмышкерлер жаза алган. Ал эми кылмыш иштеринин 43%ы тергөөгө да жетпей токтогон. 656 иш кылмыштын элементи жок болгондуктан кыскарган.

“Мисалы, 2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзгөн, анын сегиз пайызы боюнча гана кылмыш иши козголгон. Козголгон иштердин 50 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6 пайызы боюнча гана сот тарабынан айыптоо  өкүмдөрү  чыккан,  1,6  пайыз,  ойлонуп көрсөңөр. Анын ичинен сегиз эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган. Мына, статистика  өзү  көрсөтүп  турат,  мен  ойлоп  тапкан  жокмун муну, текшерүүлөр бизнеске айланып калган деп өзү көрсөтүп турат”, – деп билдирди Президент.

Башкы  прокуратуранын  пресс-кызматынын маалыматына ылайык, Башкы прокуратура УКМК, ИИМ, ЖАМК жана КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык  кылмыштар  менен  күрөшүү  мамлекеттик  кызматынын  тергөө  бөлүктөрүнөн  убактылуу  токтотулган  жана  токтотулган  иштердин процессуалдык чечимдеринин негиздүү кабыл алынышынын жана мыйзамдуулугун изилдөө үчүн талап кылган.

2016-2017-жылдары  прокурорлор 24 миң 402 убактылуу токтотулган жана 7 миң 927 токтотулган кылмыш иштерин изилдеп чыгып, 5 миңден ашуун негизсиз убактылуу токтотулган жана миңден ашуун токтотулган чечимдер жокко чыгарылган. 14 миң 255 тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү боюнча кат жүзүндө көрсөтмөлөр берилген. Натыйжада, тергөө органдары 1 миң 445 убактылуу токтотулган жана 41 токтотулган ишти сотко жиберишкен.