Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты башталат

Бүгүн Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия биринчилиги башталат. Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султанбаевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, мелдешке 19 өлкөнүн спортчулары катышып, 30 топтом медал ойнотулат.

— Бүгүнкү кунгө чейин 19 өлкөнүн спортчулары келишти. Спорттун башка түрлөрү боюнча катышкандар өз графигине карап келип турушат. Негизи эле күрөш боюнча Азия биринчилиги Олимпиада, Дүйнө чемпионатынан кийинки эле үчүнчү чоң иш-чара болуп эсептелет. Ошондуктан муну өткөрүүнү Кыргызстанга ишенип бергендиктен толугу менен жогорку деңгээлде өткөрөбүз.

Ушуну менен күрөштүн түрлөрү боюнча Азия биринчилиги Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. Буга чейин мындай спорттук иш-чара 2007-жылы өткөн. Мелдештер 4-мартка чейин уланат. Анда жалпысынан 300дөн ашуун спортчу күч сынашат.

Булак: Азаттык