19-майга карата аба ырайы
19-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн айрым жерлерде нөшөрлөп жаан жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13 күндүз 18…23
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12 күндүз 18…23
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17 күндүз 22…27
Баткен областында түнкүсүн 11…16 күндүз 22…27
Ысык-Көл областында түнкүсүн 7…12 күндүз 14…19
Нарын областында түнкүсүн 6…11 күндүз 16…21
Бишкек шаарында 19-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13 күндүз 20…22 градус жылуу болот.
Булак: © Кыргызгидромет