Фрунзе шаарындагы баш аламандык кантип токтотулган?

1967-жылдын 17-майы өмүр бою эсимде калды. Саат 17.00дө борбор шаарда массалык башаламандыктар башталганы тууралуу маалымат мамлекеттик коопсуздук комитетинин кеңсесине жетти. Ошол замат кызматкерлердин бардыгы борбордук базарга барууга буйрук алды. Барганда эле топтошкон, ачууланган элди, көңтөрүлгөн автозактын үстүнө чыгып сүйлөгөн 5-6 кишини көрдүк. Калың элдин арасынан чыгып сүйлөп жаткан ораторлор милиция кызматкерлерин көздөй тап беришип, тез аранын ичинде аларды жоопко тартуусун талап кылып жатышты. Алардын ичинен бирөөсү мөөнөттүү аскер кызматындагы эки солдатты милиция кызматкерлери өлтүрүп койгондорун айтты. Саат 18.00 чамасында митингчилердин катарына жумуштан келе жаткан завод, фабрика кызмат-керлери кошулуп, элдин саны дагы көбөйдү.

Биздин кызматкерлер топтолгон элдин арасына жайылып, түшүндүрүү иштерин активдүү аткарып жүрүштү. Тергөө бөлүмүнүн башчысы,  полковник  В. Будниковдун жетекчилиги алдында автозактын үстүнө чыгып  сүйлөгөндөрдү түшүрүп жаттык. Саат  19.00  чамасын-да лидерлердин бири бор-бордук  базардан  үч  көчө алыс жайгашкан шаардык ички иштер башкармалыгына  баргыла  деп  кыйкырды.  Милиция  кызматкерлери  тарабынан мыйзамсыз камалгандарды бошотуп, курал таап, аларды жоопко тартууга үгүттөдү. Баары ошол жерге бет алды. Алардын бирөөсү көңтөрүлүп турган автозакты өрттөп жиберди. Башаламандын катышуучулары башкармалыктын короосуна кире алышкан жок, бирок кээ бир имараттарды жана тергөө изоляторун өрттөп, ичиндеги камалган кишилерди бошотуп жиберишти. Ушундай эле окуялар Фрунзе шаарынын бардык райондук бөлүмдөрүндө болуп жатты. Кээ бир жерлерде документтер жок кылынып, куралдар тартылып алынып, ошондой эле кармалган кылмышкерлер бошотулуп жатты. Караңгы  киргенде  шаардын  ар  кайсы жерлеринде, өзгөчө борборунда, милиция-нын өрттөнгөн кызматтык унаалары көрүнүп турду.

ИИМ толугу менен алсырагандай болду. Милиция кызматкерлери эч нерсе кыла албай калышты. Себеби, кайда болбосун алардын үстүндөгү формасын чечип ыргытышып, погондорун жулуп, уруп, токмокко алышты. Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты В.Ушаков 17-майдан 18-майга караган түнү үй-бүлөсү менен «Чоң Таш» турбазасына качып кеткени белгилүү болду. Массалык баш аламандыктын катышуучулары болгон агрессиясын милиция кызматкерлерине көрсөтүп жатышты.

Республикалык  КГБ  органдарынын төрагасы  Жумабек  Асанкулов  шаардагы кырдаалды туура баамдап, чечкиндүүлүктү көрсөттү. Ал бүткүл КГБ органдарын окуя болгон жерге мобилизациялады жана так тапшырма койду. Шаардагы оперативдик абалды калыбына келтирүү үчүн партиялык-чарбалык органдарынын иштерин уюштурууга активдүү киришти. Бул учурда КГБнын баардык кызматкерлери топтолгон элдин арасына кирип,түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өтүштү, баардык мүмкүнчүлүктөр ишке киргизилди. Массалык башаламандыктын катышуучуларынын арасынан активисттерди тапканга бардык аракеттер жумшалды. Төраганын буйругу менен комитеттин бардык офицерлери граждандык формага өтүштү. Табелдик курал алып жүргөнгө уруксат берилген жок.

ИИМдин ички аскер кызматкерлери менен бирге коргоо объектилерин кылмышкерлерден жана талап тоноочулардан коргоого өттүк. Караңгы киргиче оперативдүү-техникалык бөлүмдүн кызматкерлери массалык башаламандыктын активисттерин фото-видеого түшүрүшүп, жашаган жерлерин аныктап беришти.

18-майга  караган  түн  ичинде  шаардын баардык көчөлөрүндөгү таштандылар, өрттөнгөн унаалар жок кылынып, шаар ичи тазаланды. Ушул  күнү  эле  түшүндүрүү  иштерин жүргүзүүгө партиялык-советтик активисттер кошулуп, дружина топтору түзүлдү. Саат 10.00дө шаардын башкы көчөлөрүнө Отардан (Казакстан) согуштук абалга толук жабдыланган бронетранспортерлорлор келтирилди. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында аскер техникасын, куралчан аскерлерди көрүп топтошкон элдер тарай баштады. Ошентип кыска мөөнөттүн ичинде Фрунзе шаары тартипке келтирилди.

Андан кийин бул окуя боюнча 6 айдын ичинде  кылмыш  иштери  боюнча  далилдер чогултулган. Жалпысынан 15тен ашык киши  3  жылдан  15  жылга  чейин  соттолуп, жүздөн ашык киши профилактикадан өттү.

Тегин жерден бир нерсе чыкпайт. Ага кайсы бир окуя шылтоо болуп берет. Базар – бул эл көп чогула турган жер. Бул жакта, көпчүлүк учурда, мыйзамсыз иштери үчүн милиция тарабынан куугунтукталып, кордук көргөндөр көбүрөөк жүрүшөт. Алардын күбүр-шыбыры себептеринен  карапайым  элде  милиция кызматкерлерине  терс  көз  караш  пайда болгон.

Ал эми Ж.Асанкуловдун 1991-жылы болгон ГКЧПга (Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет) тиеше-си  бар  деген  ушак-айың сөздөрдүн  негизи  жок. Бул  жөнүндө  президенттин  жанында  жүргөн  чиновниктер ар түрдүү ушак-кептерди  таратышкан. Мисалы,  СССР  КГБсынын төрагасы В.Крючков Жумабек Асанкулов жана ГКЧПнын катарына кирген жергиликтүү компартиянын лидерлери менен жолугушуу үчүн Кыргызстанга жашыруун учуп келген имиш. Мына ошондой

ушак-айыңдын кесепетинен Жумабек Асанкуловду кызматтан алууга президент шашылыш чечим чыгарып койгон. 1991-жылдын август айында президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын КГБ төрагасын “пенсияга  байланыштуу”  деп  кызматтан алды.

Жумабек Асанкулов пенсияга чыккандан кийин коргоо министрлигинин башкы штабынын аскердик чалгындоо башкармалыгында бир канча жыл кызматын уланткан. Мамлекеттин коомдук-саясий иш-чараларына активдүү катышып, өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошкон ири жетекчи болчу.

Качкын САРГАЗАКОВ, мамлекеттик коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы полковник

P.S.  Бул  макала  Жумабек  Асанкулов  тууралуу  жазылган  «Жолдош төрага»  аталышындагы  китептен алынды.