«Балыкчыда бизнести баса калып муунтуп жатышат»

Сүрөт: Балыкчы шаары
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин 
жыйынында сүйлөгөн сөзүндө бизнести негизсиз текшерүүнүн айынынан айрым иштеп жаткан ишканалар жабылууга чейин барып жатканы тууралуу абдан катуу айтты. Андан кийин да Башкы прокурор И.Жолдубаеваны кабыл алып укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын бизнести негизсиз текшерүү фактыларын жоюуну талап кылды. Президенттин мындай чечкиндүү кадамдары мени да “Кыргыз Туусу” гезити аркылуу чыны менен ушундай көрүнүштөр бар экендигин ачык айтып чыгууга дем берип отурат. Анткени андай иштерди өз башыман өткөрүп жатам. Эмесе сөз кезеги менен болсун.

Мен Осмонов Кайрат өнөктөштөрүм менен бирге 2014-жылы Балыкчы шаарынан кирпич завод сатып алгамын. Кийин өзүмө тиешелүү үлүшүмдү бөлүп алгандан кийин, кирпич чыгаруучу ЖЧК “Маке-Курулуш” ишканасын негиздегем. Учурда менин ишканамда 20 киши иштеп, өз үй-бүлөлөрүн багып келет. Жумушчу жамаатым менен бир үй-бүлөдөй ынтымактуубуз, колумдан келишинче аларга ар кандай кыйынчылык боло калса жардамдашып келем. Менин Балыкчы шаарында заманбап жабдуулар менен жабдылган, жумушчулары туруктуу иштеген жана бардык шарты бар кирпич заводун өнүктүрсөм деген тилегим бар. Анткени Балыкчы шаарынын келечеги кенен. Ошондой эле шаардын чет жакаларындагы айылдардан, райондордон кардарлар келип кирпич алып турушат.

Айта кетүүчү нерсе мен ишканамды 13.08. 2014-жылы жашаган жерим боюнча (Чүй облусу, Сокулук району, Комсомольская көчөсү, үй №31, кв,5) Сокулук районунун Мамлекеттик салык кызматынын каттоосунан өткөргөм. Салыкты ушул жакка төлөшүм керек эле. Бирок Балыкчы шаарынын салык инспекциясынын мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн улам ушу кезде ишканам иштебей токтоп турат. Бул мындай болду. 2016-жылдын 19-майында Балыкчы шаардык Салык кызматынын башкармалыгынын инспектору З.Дүйшөмбиева Ысык-Көл облусунун ИИБинин катынын (№12/2933 30.04.2016) жана Балыкчы шаардык Салык кызматынын башкармалыгынын буйругунун (№335/020) негизинде менин ЖЧК “Маке-Курулуш” ишканамды Салык мыйзамынын сакталышы боюнча, пландан тышкары текшерүүгө алып, ал боюнча АКТ түзүп кетип калышат. Бул боюнча мен эч нерсе билбейм. Мага эч кандай эскертүү болгон эмес.

Анан мен Балыкчы шаардык салык инпекциясына барып, З.Дүйшөмбиевага жолугуп, текшерүүнүн АКТнын көчүрмөсүн талап кылдым. Ал “Азыр беребиз, адегенде сен түшүнүк жазып беришиң керек “ деди. Макул деп түшүнүк жазып бердим. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча документтердин көчүрмөсүн бербей койду. Ошону менен З.Дүйшөмбиеванын айынан КР Салык кодексинин 147-беренесине ылайык, менин салык кызматынын аракеттерине даттануу мөөнөтүм өтүп кетти. Мунун кесепетинен кийинки соттук же прокуратуралык текшерүүлөр мени өз убагында сотко кайрылбагандыгым үчүн айыпташып, иш менин пайдама чечилбей келүүдө.

Айтмакчы, бул маселе боюнча Балыкчы шаардык прокуратурага  кайрылганымда,  прокурордун  улук  жардамчысы Б.Шаимбетов калыс токтомун чыгарган. Анда мындай деп айтылат (тиешелүү жеринен кыскача келтирейин): “Ишмердүүлүгү боюнча Сокулук районунун салык кызматына катталганына карабастан Балыкчы шаарынын салык кызматкерлери өздөрүнүн милдетинен аша чаап Балыкчы шаарынын салык кызматына тиешелүү болбогон “Маке-Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомун текшерип чечим кабыл алган. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 104-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, көрсөтмө салык төлөөчүгө аны эсепке алган жердеги салык кызматынын органы тарабынан берилет же жиберилери көрсөтүлгөн. Демек, Балыкчы шаарынын салык кызматынын башчысы жана кызматкерлери тарабынан аталган жоопкерчилиги чектелген коомуна №358/020 сандуу чечиминде салык кызматынын аталыш номери (012) Сокулук районунун салык кызматы деп ачыктан ачык көрүнүп турганына карабастан мыйзамсыз жана кызматтык укуктарынан аша чаап текшерүү иштерин жүргүзүп, “Маке-Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотууга алып келген. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖК 305-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту жана 304-1-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамы байкалгандыктан ар тараптуу, толук жана объективдүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иши козголуусу зарыл”.

Эми баарын айтып отурбайын. Ошону менен Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖК 305-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту жана 304-1-беренесинин 1-бөлүгү боюнча иш козголгон. Бирок Ысык-Көл облустук прокуратурасы кылмыш ишин негизсиз жаап койду. Менин адвокатым Асанов Нуралы Ысык-Көл облустук прокуратурасынын мындай чечими негизсиз экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Жолдубаевага кайрылган. Учурда кандай жооп болот күтүп жатабыз.

Буга менин адвокатым мындай деген жүйөсүн келтирүүдө: “2018-жылдын 18-январында Ысык-Көл облустук прокуратурасы ишке маани бербестен, салык кызматкерлерин жоопко тартпаш үчүн, козголгон кылмыш ишин негизсиз жокко чыгарган. Эгерде Балыкчы шаардык салык кызматынын кызматкерлеринин мыйзамдуу текшерүүгө укугу бар болсо, эмне үчүн “Маке-Курулуш” ЖЧК мыйзамдуу түрдө каттоого алышпайт. Каттоого алса аларга салык түшпөй калат беле?

Жөн гана салык төлөөчү катары эсепке алып коюшкан. Анткени, Салык кодексинин талабы боюнча “Маке-Курулуш” ЖЧК сатылган ар бир товардан салык төлөгөн (Сатык салыгы, киреше салыгы, пайдадан салык), ал эми төлөнгөн салыктар мамлекеттин эсебине эмне себептен түшкөн эмес же каттоодо турган Сокулук райондук салык кызматына эмне себептен түшпөй калган? Аларды Балыкчы шаардык салык кызматы кандай пайдаланды деген суроолорду тактабаш үчүн гана жасалган аракет болууда”, – деп негиздейт. Ошондой эле менин адвокатым Н.Асанов: “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 104-беренесине ылайык “Маке-Курулуш” ЖЧКнын жетекчиси К.Осмоновго текшерүү жөнүндө Салык кызматы тарабынан билдирилген эмес. КР Салык кодексинин 105-беренесинин талабына ылайык “Маке-Курулуш” ЖЧКнын жетекчиси К.Осмонов текшерүү учурунда катышкан эмес жана ага билдирилген эмес. Салык кызматынын Балыкчы шаардык Башкармасынын инспектору З.Дүйшөмбиева “Маке-Курулуш” ЖЧКна эч кандай тиешеси жок кагаздардын негизинде АКТ түзгөн. Ошону менен менен Балыкчы шаардык салык кызматы кабыл алынган чечимди өз убагында бербестен, жетекчи Осмоновго алдоо жолу менен түшүнүк жаздырып алышып, даттанууга болгон 30 күндүк мөөнөттү атайылап өткөрүшкөн”, – деп далилдейт.

Акырында бул иш боюнча инспектор З.Дүйшөмбиевага “сөгүш” берилгени менен иш андан ары жылган жок. Ошентип Балыкчы шаардык салык кызматы 24.05.2016 жылдагы (358/020) чечиминин түп нускасынын көчүрмөсүн атайылап созуп бербей коюшкандыктан, менин андагы көрсөтүлгөн негизсиз маселелер боюнча даттанууга мүмкүнчүлүгүм болбой, ишканам токтоп турууга аргасыз болууда. Жогорку башыман өткөн окуялардан улам, айрым мамлекеттик кызматтар жер-жерлердеги бизнесмендерди ар кандай жолдор менен муунтуп атышкандыктарын айткым келди. Минтип отурсак бизнес эч качан бутуна тура албайт! Эгерде Президентибиз Сооронбай Жээнбеков бизнести колдоо жана коргоо тууралуу өз убагында айтып чыкпаганда, мен бул маселени айтарымды Кудай билмек. Жабылуу аяк жабылуу боюнча калмак. Анткени мен инспектор З.Дүйшөмбиеванын асмандан алып жазып, баш аягы 2300000 сомду мойнума илип койгонуна кошула албайм. Талаша турган жерлерим бар. Антейин, десем Салык текшерүүсүнүн АКТнын көчүрмөсүн убагында колума бербей, ал боюнча даттануу укугумдан ажырап отурам. Себеби, Салык мыйзамы боюн-ча даттануу мөөнөтү өтүп кетсе андагы келтирилген фактыларга макулмун дегендикти бидирет. Алар мунун атайылап жасашты. Ушундан улам айтарым, деги биздин мамлекетке мендей бизнесмендердин арыз-мунуң укчу кимдир бирөө же мамлекеттик мекеме табылар бекен?! Ал эми Балыкчыда болсо бизнести кантип муунтуп жатышканынын башыман өткөргөнүм көптү нерсени айтып турбайбы.

Кайрат ОСМОНОВ, Балыкчыдагы ЖЧК “Маке-Курулуш” кирпич чыгаруучу заводунун директору