Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (3-макала)

Токтогулдун өмүр таржымалы жана анын ырларынын өзүнүкү же өзүнүкү эмеспи деген суроо башка да көп окумуштууларды күмөнсүнткөнү, күдүк ойлорго салганы белгилүү. Адабиятчы А.Муратовдун айтымында, абройлуу адабиятчы, таасын сынчыларыбыздын бири Кадыркул Даутов да: «Жасалмалап иш жүргүзүүгө кандай зарылчылык алып келгенинин себептерин ачып чыгуу керек. Акындын адабий мурасы ушул кезге дейре сабаттуу текстологиялык изилдөөгө түшө элек. Аны жүзөгө ашыруу келечектин иши» (А.Муратов Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө) деген пикирин билдириптир. Адабиятчынын бул айткандары адабият тарыхы эл тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү экенин, аны бурмалоодон өктөн кыянаттык жок экенин тастыктап тургандай.

Арзыматты “бар кылган” Жоомарт Бөкөнбаев! Арзыматты “жок кылган” Асанкалый Керимбаев…

1937-жылдагы Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун айтылуу токтомунан кийин, Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын  чогултуу  жана  изилдөө иштеринин  артында  акынга  туугандыгы бар Жоомарт Бөкөнбаев турган. Бул эч ким талашып-тартыша албай турган карандай факты. Жоомарттын арбагын канчалык  сыйлабайлы,  анын  акындыгын канчалык баалабайлы, ал Токтогулду “кедей-кембагалдын ырчысы жана жаңы замандын жарчысы” тапчыл акын катары идеалдаштыруу үчүн өтө эле аша чаап калыстык үчүн айтып коюуга тийишпиз. Андай болсо, сөзүбүздү “кедей-кембагалдын ырчысы” аталган Токтогулдун башкы “оппоненти” элге “бай-манаптын ырчысы” катары таанылган Арзыматтан баштайлы.

Аттуу-баштуу адабиятчыларды ары адаштырган, ары чаташтырган айтылуу обончу Асанкалый Керимбаев чоң энеси Разакандын “айткандарына” таянып, Арзыматты тарыхта болгонун жокко чыгарган маалы-матты түшүнсө болот. Токтогулду Токтогул кылып, идеалдаштыруу үчүн адабиятчылар Керимбай болушту да жөн койбой, аны бей-бечараны эзген, акынды Сибирге айдаткан элге кылдай жакшылыгы жок болуш катары бейнесин тартып келишкен. Ошого ардык-кан обончу небереси 90 миң нуска менен жарык көргөн “Кыргыз маданияты” гезитине маек берип жаткан мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, “Кудай өзү кечирсин” деп, чоң энеси айтпаса да, чоң атасы Керимбайды актоо максатында Арзыматты тарыхта болгон адам эмес деп коюшу толук ыктымал. Анан ал сөз эл арасына таралып, буга чейин “Арзымат болгонбу же жокпу” деген күдүк сөздөргө кошулуп, бири билип, бири билбей айтып жана айтылып отуруп, акыры тарыхта Арзымат деген акын болгон эмес деген пикир белгилүү адабиятчы Батма Кебекованын, “Кыргыз тарыхы” кыскача энциклопедиясынын берген маалыматтарына кошулуп кеткени түшүнүктүү.

Бул атайылап жасалган иш эмес. Батма Кебекова акындар поэзиясын “коен жатагына” чейин билген окумуштуу. Өзү да эл арасын аралап, элдик оозеки чыгармаларды, анын ичинде эл акындарынын ырларын чогултуп, алар тууралуу маалыматтарды жыйнаганы белгилүү. Өмүр бою КР УИАда иштеп, Кол жазмалар фондусунда эл арасынан топтолгон кандай материалдар бар экенин мыкты билген. Фондунун архивиндеги Арзымат тууралуу маалыматтарды окуган эмес деп шек саноого болбойт. Андай болгондо, ал кандайча жаңылышып калды, же Кол жазмалар фондусундагы Арзыматтын тарыхта болгон адам экенин, анын Токтогул менен кездешкени да факты экенин ырастаган эл оозунан жазылып алынган маалыматтар белгилүү адабиятчыны ынандыра алган жокпу ким билет?

Биздин оюбузча, мунун объективдүү себеби бар. Буга өз учурунда Арзымат ырчы тууралуу маалыматтар кеңири жыйналбай калганы, жыйналса да, ошол маалыматтарды жазып алышкан Жаки Таштемиров сыяктуу бирди-жарым окумуштуулар “Арзымат бай-манаптын ырчысы” болгон дегенден башка ырыстуу маалымат беришпей, аны өмүр жолу жана ырдаган ырлары тууралуу кошумча маалыматтарды тактап коюуга кызыкпаганы, кызыкса да, Арзымат тууралуу маалыматты ачыктоо менен Токтогулдун акындык касиретине доо кетирип коебузбу деп чоочулагандыгы да себеп болгону талашсыз. Ооба, адабиятчылар, анын ичинде акын-жазуучулар Арзымат тууралуу маалыматтар ачыкка чыкса, абийирибиз аштай төгүлөт, Токтогулдун “кедей-кембагалдын ырчысы”, элдик акын экендигине шек кетет деп чочулашкан болушу ыктымал. Адабиятчы Абдыкерим Муратов: “…А.Токомбаев роман жазып баштайт, тарыхый каармандарды так атабай, ысымдарын бир аз өзгөртүп (Токон, Казанчы, Рыстуубек ж.б.) берет, эмне себептен? Эмне себептен тарыхый личностторду азан чакыргандагы аты менен атабай, аларды «тергеп» жатат? Эмне себептен ошол жазып аткан романын бүтпөй калды? Токтогул тууралуу жазуудан, чындыкты айтуудан корктубу? Же башка себеби, чоң себеби бар беле? Ал кездеги №1 романчы Т.Сыдыкбеков да Жоомарт менен Кетмен-Төбөгө барат, Токтогулдун жери, эли менен таанышат, акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча Калык, Алымкул, Коргол, Атай сыяктуу аны жакшы билгендер менен көп жолугат. Роман жазамын деп чамынат. Бирок жазбайт. Анчалык терең эмес, жалпыланган сөзү көп эки очерк («Эки акын»25, «Кербез») жазып тим болот. Неге?» (Абдыкерим Муратов Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө) деп суроо артынан суроо берип жатпайбы. Анын суроосунун жообу мына ушул жерде!!! Эсил кайран залкарлар Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбеков Токтогул менен Арзыматтын айтышы, Арзыматтын ким экендиги, дегеле Токтогулдун ырларын чогултуудагы калпыстыктар, аша чабуулар, бир жактуулук туура-луу жетиштүү деңгээлде кабардар болушкан да, адабият тарыхый бурмалоо өнөктүгүнө катышпоону  оң  көрүшкөн.  Эки  залкар абийир лерине камчы чаап, тарых алдында уятка калгылары келген эмес. Искусство таануучу Сарман Асанбеков “Токтогулду элге алып чыгуу өнөктүгү жүрүп жатканда, Жоомарт Бөкөнбаев көпчүлүктүн алдында Атай Огомбаевге кайрылып: “Элдин баары Токтогулга өз салымдарын кошуп жатат. Сен да эки-үч күүңдү, бир-эки ырыңды бересиң. Болбосо, сен да эл душманысың” деп кекетип-мокоткондо, Атай Огонбаев макул болбоптур. Ошондон кийин Таласка кетип калыптыр” деп айтчу эле. Жоомарт менен замандаш акын-жазуучулар болгон соң, мүмкүн Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбековго да мына ошондой “партиялык тапшырма” берилгендир, ким билет. Токтогулдун “чыгармаларын” чогултуу мамлекеттик чоң өнөктүккө айланганын Калык Акиевдин өз устаты тууралуу эскерүүлөрдү айтып, айтыштарын жаздыргандан тышкары, “Кедейканды” да Токтогулдун “эсебинен” жаздырганы ачык мисал боло алат. Токтогулдун дагы бир шакирти Алымкул Үсөнбаевди алсак, ал боконо сөөгү ката элек жаш кезинде айтылуу алтын жаак, жез таңдай акын Үмөталыны көп жылдар өз баласындай ээрчип жүргөнү адабият тарыхынан маалым. Бирок, ал Үмөталынын бир да ырын жаздырып калтырган эмес, Үмөталы ырдады эле деп ырдаган эмес, жадагалса бир да жолу Үмөталынын ысымын эскерип койгон эмес. Анан эле мына  ушундай  “сараң”  адамдын  Токтогулга  келгенде  “берешен”  болуп,  Токтогул дегенде эбедейи эзилип кеткени албетте таңгалычтуу.

Арзымат болгонбу?

Эми кайрадан Арзымат менен Токтогулга келели. Коомчулукка “Арзымат тарыхта болгон эмес” деген маалыматтардын таңуулана башташы менен Арзымат тууралуу азыноолак маалыматтар пайда боло баштады. Көп жылдар райондук гезитте баш редактордук кылып, Кетмен-Төбө өрөөнүн коен жатагына чейин билген, кетментөбөлүк акын Исабек Токтогулов “Акындын өмүр тамчылары” аттуу китебинде Арзымат тууралуу көп маалыматтарды ачыктады: «Тоо бүркүтү» Токтогул жөнүндө сөз болгондо акындын тырмак алды саясий ырынын бет ачары катары Арзымат ырчы жөнүндө сөз болот. Кыяз Молдокасымов менен Мамат Өсөров баш болуп көптөгөн акын, жазуучу, журналисттер Токтогул менен бир Арзымат ырчыны ойдон чыгарылган каарман катары далилдөөгө аракеттенишкени таң калтырат. «Арзымат ырчы чын эле болгонбу, же …» деген суроо ар бир окурманды түйшөлдүрбөй койбойт.

Бул маалыматты Арзымат ырчынын небереси Байкабас Үтүров 2010-жылы 16-августта айтып берген эле. Ал 2014-жылы февраль айында көзү өтүп кетти. Айгырчан деген небереси дагы деле болсо бүгүн Тор-кен айылында турат.

Анда сөз башынан болсун. Арзымат ырчы Жеңдей — Сары уулу 1825-1830-жылдардын аралыгында Талас өрөөнүнүн Калба айылында туулат. Бул айыл азыркы Жон-Арыктын үстүндө, тоо тарабында. Уругу Саруудан бутактаган Ак кийиз — Колпоч. Эшмамбет ырчы аны тууган кылып, агасы катары өмүр бою катташып үйүнө келип кетип турганы маалым. Ал эми Арзыматтын чоң атасы Корчуке, анын атасы Албан. Турмуш шартка  байланыштуу  1855-1860-жылдары Кетмен-Төбө өрөөнүнө ооп, Торкенге келип  чарбак  күтөт.  Ал  бир  эмес  эки  аял алган.  Байбичесинен  Курмушу,  Бообек, Өмүрбек аттуу үч уулдуу болот. Жети кызы болгон.

Курмушудан бала болгон эмес, Бообектен Үтүр, анын уулу Байкабас, андан Каныбек. Байкабас 1937-жылы туулуп, 2014-жылы 77 жашында каза болду. Экинчи уулу Деңизбек 1988-жылы туулган. Каныбектин Алтынбек, Жылдызбек деген уулдары бар. Ал эми Арзыматтын үчүнчү уулу Өмүрбектен (эркелетип Айгырчан деп коюшкан). Тыныбек, Болотбек уулдары бар» (Исабек Токтогулов. Акындын өмүр тамчылары. Арзымат деген ким болгон?). Бул чындыгында да адабият тарыхы үчүн куну жок маалыматтар. И.Токтогуловдун берген маалыматы боюнча Арзыматтын Дыйканбай менен мамилеси да болгону ырас. Демек, Арзымат тарыхта болгон эле адам. Обончу Асанкалый Керимбаевдин чоң энем Разакандан уктум дегендери карандай калп. Же чоң энеси ага калп айт-кан, же Арзыматты жокко чыгарган күнөө Асанкалыйдын өзүндө.

Акын Исабек Токтогулов аталган китебинде денени дүркүрөткөн да бир маалыматты берген: «Арзымат өзүнө ишенбегенби же артын ойлогонбу, айтор өзү тирүү  кезинде  өзүнүн  ашын  бердирди. Кеңеш өкмөтү жеңгенден кийин көзү тирүүсүндө аш берген Арзыматтын небереси деп Жолойдун уулу Тургуналыны жоопко тартып жиберишкени да ошондон. Арзымат уруусун төмөндөгүдөй сүрүштүрүп жүрүшөт.

Жолойдон: Кыпчакбай, Тургуналы, Тургунбай, Сулайман. Тургунбайдын кызы Роза. Анын күйөөсү Арстанбеков Жолдошбек өмүр бою аскер комиссариатында иштеди. Анын уулу Советбек авто-куруучу. Үчүнчү уулу Тургуналы Жолоев абактан келгенден кийин ага акын Ж.Бөкөнбаев учурап калат. Жоомарт аны атайын чакырып сыйлап, мейман кылып: «Сенин чоң атаң Арзымат ырчыны жамандап койдум капа болбо» деп ага ат мингизген дейт. Тургуналынын арманы «эмнеге жамандадың» деп айтпаганы экен» (Исабек Токтогулов. Акындын өмүр тамчылары. Арзымат деген ким болгон?). Мына тарых чындыгы каякта?!! Токтогулду идеалдаштырам деген Жоомарт Бөкөнбаев кандай калпыс кадамдарга барганын өзү билген жана ошол күнөөсү үчүн Арзыматтын элге төбөсү көрүнгөн небереси Тургунаалы Жолоевден кечирим сураган. Элге төбөсү көрүнгөн дегенибиз, Тургуналы  Жолоев  басмачылар  каршы күрөшкөн кызыл командирлердин бири болгону айтылат. Мына эмне үчүн адабиятчылар Арзымат тууралуу Токтогулдун «Арзыматка карата ырдаганынан» башка маалыматтарды чогулткан эмес? Себеби, улуу муундагы Токтогул изилдөөчүлөр Арзыматтын өз мезгилинин даңазалуу ырчыларынын бири болгондугу, кадимки Дый-канбай менен жылуу мамилеси болгону менен, анын эшигин сагалап ырдабаганы, «бай-манаптын ырчысы болбогону», анын Токтогул менен айтышы бурмаланып берилип калганы, мында акын Жоомарт Бөкөнбаевдин «түшүнүп-түшүнбөй» жасаган күнөөсү бар экени тууралуу так маалыматтар ачыкка чыкса, Токтогулду «кедей-кембагалдын ырчысы жана жаңы замандын жарчысы»,  нукура  элдик  ырчы  катары идеалдаштыруу пыр учкандай жок болот деп чочулашкан.