Коргоо комитетиндеги коррупция боюнча иш сотко жөнөтүлдү

Коргоо иштери боюнча комитеттин сатып алуулар бөлүмүнүн башчысына козголгон иш тергелип бутүп, сотко жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, комитеттин бөлүм башчысына жана Bravo.kg компаниясынын директоруна “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иш козгогон.

Тергөөдө Коргоо комитетинин кызматкери Bravo.kg компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, Аскер госпиталы үчүн 12 миллион сомго медициналык жабдык сатып алуу боюнча тендерге катыштырганы белгилүү болгон. Натыйжада аталган эки адам мамлекеттик бюджеттен 7 миллион сомдон ашык каражатты өз ара бөлүшүп алган.

Бул ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт.

Булак: Азаттык