«Иштамберди» кенин жергиликтүү тургундар тоноп жатабы? Милициянын жообу

Ала-Бука районундагы Өрүктү айылындагы «Иштамберди» алтын кенинде башаламандык жок экенин Жалал-Абад ОИИББден маалымдашты.

Бир катар ЖМКлар бир жумадан бери «Фулд-Голд майнинг» компаниясы иштетип жаткан «Иштамберди» алтын кенин жергиликтүүлөр тоноп жатканын жазышкан. Башаламандык 19-февралда башталып, кендин аймагына 70-80 киши унаалары менен кирип келгени айтылган.

«Бул маалымат чындыкка коошпойт. 20-февралга караган түнү «Фулд-Голд майнинг» ишканасы иштетип жаткан алтын кендин аймагына Кызыл-Токой айылынын 50-60ка жакын тургуну кирип келип, кенди чыгарып кетүүгө аракет жасашкан. 21-февралда компаниянын генералдык директору укук коргоо органдарына кайрылып, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган», — деп милициядан билдиришти.

Учурда аталган аймакта абал тынч. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Кызыл-Токой айылынын бир нече тургундары кармалган. Алардын унаалары айып короого токтотулду.

Укук коргоо органдарынан маалымдашкандай кендин аймагы Ала-Бука райондук ИИББдин көзөмөлүндө турат.

Булак: Спутник