Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»

Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Ошол жылы кар эрте түштү. Түнү бою балпалактап жаап чыккан кар таң атканча тоо-түздүн баарын аппак кылып боёп таштады.

Эртең менен чыйрыгып ойгонгон Сырга туруп эле терезени карап:

– Кар жааптыр… – деди. Эмнегедир эсине бала-жылан түшүп кетти.

– Тигил байкуш кантти экен? – деди анан тоо тарапты санааркай карап. Бирок Асылбек чын эле ачууландыбы же тек гана ошентимиш болдубу, айтор жактырбагандай күңк этти:

– Ал жөнүндө экинчи кулагыма угузбачы! Ансыз да элден жакшы сөз уккан жокпуз!

Сырганын оозу жап болду. Ошондон кийин жылан жөнүндө кеп кылганын токтотуп, бара-бара эсинен чыгарып да таштаган. Анткен менен жылан дайыма наристенин түшүнө кирчү. Кудум баягысындай койколоктоп бийлеп, Кызмончокту күлдүрүп, ойнотуунун аракетинде боло берет эле. Ошондон уламбы, «шырп!» эткен дабыш чыкса Кызмончок элеңдей түшүп, тегеренип издеп калчу. А бирок ата-энеси аны байкачу эмес. Эл ичиндеги уу-дуу ушак азайып, эл катары тиричилик өтө берди. Асылбек менен Сырга жаз алды менен акылдашып, бул жайда жайлоого конуш которуп, таптакыр башка тарапка көчмөй болушту. А бирок!.. Бирок алардын антээрин билген сымак, күндөрдүн бир күндөрүндө булардын турмушунда баягы бала-жылан кайра да пайда болду!..

* * *

Кызмончоктун тили чыгып, жыгылып-туруп басып калган. Кой кыркындын маалы болчу. Наристе кой короодо, эне-атасынын жанында ойноп, колундагы чыбыгын сереңдетип, мал айдаган болот. Аны көрө ата-энесинин ичи эзилип, өпкө-жүрөгүн чаап, жалынып-жалбарышат.

– Эптеп киши болуп келатат ээ, атасы? – деген Сырга, Асылбек улам бир койду жылаңачтап, жүнүн сыйрып алып тургузган сайын экинчисин шыйрактап келет.

Аңгыча короодогу кой «дүр-р!» этип үркүп, бурчка барып үймөлөктөшүп  калышты. Короонун аркы бурчунда сербейип, Кызмончок эле калыптыр!

– Буларга эмне болду?! – деди Сырга ары жак, бери жакка сереп салып.

– Ит-сит жүргөндүр да, – деген Асылбек анчейин деле маани берген жок. Сырга да ошого ынанып, тынчый калды да:

– Кызмончок?! Кел бери? – деди.

Бирок кызы апасын карап да койгон жок. Чыбыгын турган жерине таштап салып, ошол жердеги жем-акырдын ичине колун сунуп, өзүнчө кытылдап күлүп, өзү менен өзү сүйлөшүр жыргай берди.

– Кош! – деп Сырга бурчка тыгылган койлорду бери айдады эле, эмнегедир бири да жылбай, көшөрүп туруп алды.

– Буларга эмне болгон?! – деп аларды артынан түрткүлөп жатып, бир убакта оюна бир нерсе түшө калгандай «селт» этип, жүрөгү лакылдап кетти. Кызынын жанына кантип учуп жеткенин өзү да байкаган жок. Жаңылбаптыр! Койлор жем жечү узун акырдын ичинде ийрелип жаткан жылан башын көтөрүп, Кызмончокту тиктеп туруптур. Сырга эмне кыларын билбей кетти! Оозунан келмеси ыргып, же кызын көтөрүп ала коё албай, же күйөөсүн чакыра албай, экөөнү алмак-салмак тиктеген боюнча нес боло түштү.

– Эмне болду?! – деди аны байкай койгон Асылбек. Сырга жооп берүүнүн ордуна, оозунан алдырган кишидей аны жалдырай тиктеди. Ошондо гана Асылбек ишин токтото коюп, алда неден кооптонгондой басып келди да, көргөн көзүнө ишенип да, ишенбей да делдирей түштү – жылан! Болгондо да баягы бала-жылан! А бирок андагыдан алда канча өзгөрүлүп, кадыресе жыландай чоңоюп калыптыр. Булар жыландын ошол экенин анын өңүнөн, көздөрүнөн таанышты. Атүгүл аны Кызмончок да таанып, быйтыйган алаканы менен башынан, жонунан сылагылап калыптыр. Ак жылан ансайын балбырап, буларга сагынычын билдиргенсип, ким-кимисин муңайым тиктейт. Сырга эсине келе калгандай анан баланы так көтөрүп ала койду эле, Кызмончок чырылдап ыйлап, жыланга умтулду. Эмнегедир Асылбектин жаак эттери карышып, булчуңдары чыңала түштү. Эл ичиндеги: «Кызмончок чоңойгондо жыланга айланып, жыландан балалуу болот имиш!» – деген кеп кулагында кайра-кайра кайталанып, мээсин эзип жиберди. Ошон үчүнбү, жыланды жек көрүп, ушул жаткан жеринде жайлап салгысы келип, колундагы жаркылдаган курч, миздүү жуушаң кайчы менен тап берип калды эле, жылан заматта көздөн кайым болуп, Сырга дагы чырылдап жиберди:

– Жинди болдуңбу?! – деди ал энтиккен күйөөсүн каруудан ала. – Баягыны унуттуңбу?! Дагы буларды өчөштүрүп… азапка кабылалы дейсиңби?!

– Эк! Барчы, ары! – Асылбек аны түртүп ийип, ары басып кетти. Ошол күндөн тартып бул үйдөгү убайым, баягыл сары санаалар кайра дагы башталды.

Ак жылан болсо баарына кайыл болчу. Жандүйнөсүнө жакын, жакшы көргөн бул үчөөнү таап алганына кубанып, бирок Асылбектен жалтактап жакын келе албай, алардын үйүн  алыстан акмалап, айылда жүрдү.

* * *

Асылбек бу жылы деле баягы, көнгөн жайлоосуна чыкты. Жыландан баары бир из суутуп кете албасын билгени үчүн ошентти го. Элдир-селдир эс кирип, «кой-айды» билип калган Кызмончок ата-энесинин жыланды анчалык жактырбасын билчү. Ансайын, жылан келген сайын аларга жагалдана эркелеп, калп күлүп, экөөнүн мойнуна алмак-салмак асылып, жароокерленип калчу. Аны Асылбек менен Сырга да, жылан да түшүнчү. Анткен менен жайлоодо алар: «Эл көрүп коёт, угуп коёт», – деп көрүнгөндөн корунуп-кысынбай, ээн-эркин күн өткөрүп калышты. Айрыкча, Кызмончок менен ак жыландын күнү тууду. Эртели-кеч эрчишип алып, көк шибердин үстүндө каалаганча ойношот. Кээде экөө маңдай-тескей олтуруп алышат да, Кызмончок алда нелерди божурап, тигиниси аны кишиче тыңшап, ийрейип жатып алып кулак төшөйт. Асылбек мал-салга карап, күндүзү үйгө көп токтобой аттанып кеткендиктен, Сырганын эки көзү, эси-дартынын баары эле ошол экөөндө болот. Кээде акырын барып, экөөнүн жанына отурат. Бирде алардын ысык-ынак, ынтымактуу мамилесине ичи жылыса, бирде чочулайт. «Чагып алабы», – деп коркконунан дагы, анын жүрөгүндө өзү да кээде ишенип-ишенбей кетчү түпөйүл бир санаа бар!

«Кантип эле?!.» – дейт кээде өз оюнан өзү чочуп. Кан-жанынан бүткөн, сербейген кенедей кызынын качандыр бир жылан болуп кубулганын элестетип да, ишенип да түтө албайт. «Ойлорумду оңдой көр, Кудай!.. Мени кечире көр?!» – дейт жакасын кармап. «А балким, жылан адамга кубулсачы?.. – дейт сана арасында, – Эгерде чындап эле Жараткандын кубултууга күчү жетсе… Жок! – дейт кайра өз оюна өзү каршы чыгып, – Эч качан андай болбойт! Эч ким эч кимге кубулбайт! Калп ал! Жомок!..» Сырга ушинтип ойлонуп кеткиче Кызмончок менен жылан кыйла жерге узап кеткен болот. Кээде Кызмончок жыланды ат кылып, эки аягын эки жакка сунуп таштап, жонуна эпейип отуруп алат да:

– Чү! Чү! – деп теминген болот. Жылан да андайда болгон күчү менен жыйрылып, алга жылат. Ансайын Кызмончоктун күлкүсү чыгып, кубанычы кучагына сыйбайт. Экөөнү карап отурган Сырга да ал экөөнүн жоругуна кубанып, аларга кошулуп жыргап күлөт. Кээде экөө томолонуп-тумаланып, көк шибердин үстүнө жыгылганда: «Эти ооруп кетип, чагып албаса экен!» – деп үрөйү учат. Кызмончок кудум куурчак көтөргөнсүп, кээде жыланды бооруна бекем басып көтөрүп алат да, анын жерде сүйрөлгөн тулкусуна кайра өзү чалынып жыгылып, көмкөрөсүнөн кетет…

(Уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.