Венгрия кыргызстандык студенттерге дагы 25 орун бөлдү

Венгрия өкмөтү кыргызстандык студенттерди окутууга кошумча 25 орун бөлүп бермей болду. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, шейшемби күнү өлкөнүн башкы дипломаты Эрлан Абдылдаев Венгриянын билим министри Ласло Палкович менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулады.

2017-жылы 23 кыргызстандык улан-кыз Венгрияда бекер билим ала баштаган.

Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айтып чыккан. Бирок министрлик бул айыптоону четке каккан.

Булак: Азаттык