Акыркы күн. Бүгүн салык кызматы түнгө чейин иштеп, декларация кабыл алат

Бүгүн юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

«Салык кызматы мөөнөтү аяктап бара жаткандыгына байланыштуу декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды түн ортосуна чейин тапшырууга чакырат», — деп айтылат таратылган маалыматта.

Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алынары айтылган.

Аталган ведомство маалыматты 194 номери жана www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болорун кошумчалады.

1-мартка чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан чарбалар жана Кыргызстанда ишмердигин жүргүзүп туруктуу мекемеси бар чет элдик уюмдар бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусу кажет.

Булак: Спутник