Коомдук транспорттордун техникалык абалы текшерилет

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүү максатында көчмө жыйын өткөрөт. Аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун  кабарлашынча, Чүй облусунун Сокулук районунда өтчү жыйынга жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары, фирма жана буга байланыштуу ишканага жетекчилери катышат.

— Көбүнчө жол кырсыктары Бишкек-Ош жолунда катталып жатат. Ошондуктан ушул каттамда жүргөн айдоочуларга басым жасалып жатат. Диагностикалык борбордун жабдуусу жеткирилип, текшерүү жүргүзүлөт.

Бүгүнкү иш-чарада коомдук транспорттун техникалык абалынан тышкары айдоочулардын жол эрежесин сакташы, жүргүнчүлөрдү ташуудагы жоболордун аткарылышына басым жасалат.

Соңку учурда маршруттук кичи автобустар катышкан кырсыктар көп катталып жатат. Коомчулукта алардын айдоочулары ылдамдык эрежелерин сактабай, жүргүнчүлөрдү ашыкча салат деген нааразылыктар көп. Аталган башкармалык да жол тыгындар менен кырсыктарга негизинен кичи автобустар себепчи экенин маалымдаган.

Булак: Азаттык