Бишкектеги кудуктардын биринен эркек кишинин сөөгүн табылды

Борбор калаадагы көк кабаттуу үйлөрдүн жанындагы кудуктан 40-45 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Куткаруучулар «Чыгыш-5» кичи районундагы кудуктан азиат тегиндеги 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.