Актриса, Рахат АКСУЛТАНОВА: «Түндүктүк келин болуп калышым мүмкүн, эгерде…»

Рахат Аксултанова тасма талаасына 2009-жылы келген. Эң алгачкы жолу “Аят – 1” киносуна тартылган. Кийин “Талас – Бишкек”, “Пари”, “Братандар”, “Азап”, “Сүйүү жазы”, “Түндүктүк келин”, “Мал доктур”, “Квартирант” деген фильмдерде роль жараткан. Мына ушул тасмалардын ичинен Рахат Аксултановага Рысбек Жабировдун “Түндүктүк келин” деген киносу популярдуулук алып келген. Өзүнүн айтуусунда, дал ушул тасмадан кийин актрисага клиптерге, кинолорго түшүү боюнча сунуштар байма-бай түшө баштаган. Ошондой эле, Рахат түндүктүк келиндин ролун ойногондон кийин, кино тармагынан кете албай калгандыгын түшүнгөн. Буга чейин каарманыбыз киного тартылуу убактылуу кызыгуу деген ойдо жүргөн… Рахат Аксултанова кино тартуу менен биздин редакцияга келип калган экен. Учурдан пайдаланып сөзгө тарттык.

–  Жолуңуз  болсун,  Рахат  айым “Кыргыз Туусуна” куш келипсиз.

– Келип калдык.

– Редактордун кабинетинде эмне болгон тартуу жүрүп жатат?

– Рысбек Жабиров “Журналист” деген кино тартып жатат. Жакында назарыңыздарга сунуштайбыз. Буюрса, кызыктуу, жакшы кино болот деген ишеничтемин. Ошол фильмдин бир эпизодун тартууга келгенбиз.

– Сиз кимдин ролун аткарып жатасыз?

– Мен бул киного тартылган жокмун. Назгүл Эсеналиева экөөбүз картинанын директору болуп иштеп жатабыз. Рысбек байке “Түндүктүн келинден” кийин мага “Мал доктур” жана “Квартирант” деген тасмаларындагы башкы ролдорду берди. Катары менен 3 киносуна тартылдым. Кийин эле ар кандай сөздөрдү угуп калдым. Бирок, ит үрө берет, кербен жүрө берет эмеспи. Эмне үчүн биз бир эле кино менен чектелишибиз керек? Кино – бул кыйноо деп коет. Эгерде команда бири-бирин билбесе, түшүнбөсө, ынтымак болбосо иш алдыга жылбайт. Актерлор жаңыдан келип, режиссерлор менен жакындан таанышып, көнүшүп, тил табышканчакты убакыт өтүп кетет. Ошондуктан, Р.Жабировго өзүнүн командасы менен иштешкен ыңгайлуу.

– Терс каармандын ролун аткаргыңыз келип жүргөнүн уктум эле, бул планда сунуштар түшө элекпи?

– Ооба, терс каармандын ролун аткаргым келип жүргөнү чын. Анткени, байкасаңыздар мен жалаң оң каармандардын: ыймандуу келиндин, мээримдүү эненин образдарын берип жүрөм. Буюрса, терс каармандын ролун да аткарам. Алдыдагы пландар азырынча сыр бойдон турсун. Учуру келгенде, иш процесстери жүрүп баштаганда сиздер менен бөлүшөм.

– Бир жолку маегиңизде: “Сүйүүгө мерезмин”, – деп айтыптырсыз, азыр деле ошондойсузбу?

– Адашпасам бул менин 6 жыл мурун берген интервьюмдагы сөзүм. Бул жообумду өзүм дагы унутпайм. Анткени, гезитке чыккан маегимди апам окуп: “Кызым, сен оюңду туура эмес түшүндүрүп алыптырсың. Ме-резмин деген сөз башкача маанини түшүндүрөт. Сен жөн гана сүйүүгө кабылып көрө элексиң”, – деген. Ал кезде мен азыркыдай оюмду кыргызча так, даана түшүндүрө алчу эмесмин. Мен сүйүүгө мерез эмесмин. Болгону мен сүйүүгө абдан олуттуу мамиле кылам. Бул темага келгенде терең ойлоном. Негизи эле бардык нерсени жети өлчөп, бир кескен адаммын.

–  Турмушка  чыккандан корком дегениңиз дагы бар…

–  Абдан  корком. Айрым үй-бүлө лөрдүн урушкандарын, ажырашкандарын  ж.б. терс  көрүнүштөрдү көргөндө ого бетер коркуп кетем. Турмушка чыгуу – бул жашоодогу  эң  чоң  кадам  да.  Анткени, өмүрлүк жубайың менен сен бир ай же эки ай жашабайсың. Жакпаса басып кете албайсың дегендей. Турмушта ар кандай кыйынчылыктар болот эмеспи. Ушул жана башка нерселерди ойлогондо, ой-лорума ээ боло албай калам, элестерим алдыңкы жылдарга кетип калат.

– Түндүктүк келин болуп калышыңыз мүмкүнбү?

– Бул суроого азыр ооба же, жок деп кесе жооп бере албайм. Анткени, алдыда мени эмне күтүп турганын билбейм. Бардык нерсе кудайдын айтканындай болот. Эгерде, түштүктүк жигит менин жүрөгүмдү чындап багындырса, бактылуу кыла аларына толук ишендирсе, ошондой эле экөөбүздүн пикирибиз келишип, сөзүбүз бир жерден чыкса, ооба. Түндүктүк келин болуп калышым мүмкүн. Бирок, бул жерде кеп түндүктө же, түштүктө  эмес.  Эң  башкы  маселе,  адамдын  тарбиясында,  ыйманында,  адамгерчилигинде.

–  Келечекте  сиз  өзүңүздү  кайсы тармакта көбүрөөк элестете аласыз? Модель, журналистика жана кино актриса…

– Моделдик жана ырчылык жактан өзүмдү такыр көрбөйм. Кино тууралуу айтсам, турмушка чыкканга чейин актрисалык карьерамды уланта берем. Ал эми турмушка чыккандан кийинки тагдырым, жолдошумдун көз карашына байланыштуу болот. Албетте, мен күйөөгө чыккандан кийин үйдө отурам, кудай буюрса көп бала төрөйм. Наристемди өзүм багып, чоңойтом. Мээримимди төгүп, тарбиямды берем. Анан балдар мектепке барып калган учурда, режиссерлор чакырып, жакшы роль сунушташса жана жолдошум макул болсо анан ишке киришем. Балким, келечекте теле алып баруучу, диктор болуп иштейм. Анткени, кесибим боюнча журналистмин. Айтор, бардыгын убакыт көрсөтөт…