Дипломатиялык академиянын макамын өзгөртүү сунушталууда

Парламенттин басма сөз кызматтынын билдиргенине ылайык, 28-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбооруна ылайык, Казы Дыйкамбаев атындагы дипломатиялык академияны Билим берүү министрлигине эмес Тышкы иштер министрлигине караштуу атайын адистештирилген жогорку окуу жайына айландыруу сунуш кылынууда.

Ошондой эле, Академия, мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-берененин 4-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер миринстрлигинин” деген сөздөр менен толукталсын деп сунушталууда.

Бир катар депутаттар КР Өкмөтү менен Тышкы иштер министрлигин эл аралык иштер боюнча адистиктин сапатын, кадыр-баркын жогорулатууга багытталган иш-чараларга көңүл бурууга чакырышты. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, дипломатиялык адистерди саналуу гана алдыңкы жогорку окуу жайлары даярдашы керек.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.