Бишкекте токой паркы пайда болот. Долбоорду мэрия сунуштап, Премьер-министр жактырды

Премьер-министр Сапар Исаков “Бишкек токой паркы” долбоорун жактырды. Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек мэриясына бул долбоорду ишке ашыруу чараларынын планын дыкат иштеп чыгууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык муниципалитети борбордун экологиялык абалын жакшыртууга багытталган “Бишкек токой паркы” долбоорун иштеп чыгууну демилгелеген.

Аталган долбоорду ишке ашыруу калаанын айлана чөйрөсүн жашыл аянттарды көбөйтүү менен жакшыландырууга таасир берет.

Шаардыктарга бул демилге тууралуу кошумча маалымат жакынкы убактарда берилмекчи.