“Мегакомду” сатып алууга кореялык компания кызыгууда

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун дарегине “Goldenkey Asset Investment & Management” компаниясынан “Альфа Телеком” (Megacom соода маркасы) ЖЧКсынын 100% акциясын сатып алууга кызыкдарлык билдирген кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу аталган фондон кабарлашты.

Кайрылуу мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте, “Альфа Телекомго”  жөнөттүлдү.

Аталган компания Түштүк Кореяда катталган. Ал “Альфа Телекомдун” акцияларынын 100 пайызын сатып алууга кызыгууда.

Буга чейин Швейцариянын ALF Consulting SA компаниясы ММБФга “Альфа Телеком” (Megacom соода маркасы) ЖЧКсынын 100% акциясын сатып алуу ниетин билдирген кайрылуу жөнөткөн.

Ошондой эле “Альфа Телеком” ЖЧКсын сатып алууга кызыкдарлыгын “АКА минералз энд майнинг” компаниясы билдирген. Ал “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууда Huawei өнөктөшү болуп саналат.