Мамкатто кытайлыктар менен канча кыргызстандык жаран никеге турганын айтты

ЖМКлардагы 30 миң кыргыз жараны кытайлыктар менен турмуш курган деген маалымат жалган. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин расмий маалыматы боюнча 2000-2017-жылы Кыргызстанда Кытай жарандары менен никеге тургандардын саны 195ти түзөт. Ал эми Бакыт үйүнөн 112 түгөй нике күбөлүгүн алган. Ош шаары менен облуста 16, Жалал-Абадда 4, Чүйдө 21, Ысык-Көлдө 3 жана Нарында 1 түгөй катталган.

Ошондой эле 11 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Анын баарын ата-эне Бишкектен алган.