1-мартка карата аба ырайы

1-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан жаашы ыктымал. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…15;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;

Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6;

Бишкекте күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10°