Тогуз жаштагы кызды кар басып калды

Каракол шаарындагы “Каприз” эс алуу жайынан 4-5 чакырым алыстыкта кар көчкү түшүп, ата-энеси менен өз алдынча эс алып жүргөн тогуз жаштагы кызды басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигининиен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, окуя 28-февраль күнү болгон. Кыздын ата-энеси жана эс алуу жайдын куткаруучулары көчкү астынан жеткинчектин жансыз денеси таап, “Каприздин” медициналык бөлүмүнө жеткиришкен. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, эс алып жүргөндөр Россия жарандары.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.