Түштүк Кореядан 116 адамга эмгек келишими келди

Миграция кызматынан Корея багыты боюнча иштеген өкүлү Нагима Ашымбекованын билдиришинче, жыл башынан бери Кыргызстанга Түштүк Кореядан 116 адамга эмгек келишими келди.

Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 30-40 келишимге көп. Ушу тапта Кореяга жумушка кетчүлөрдөн тилди билүү деңгээлин аныктаган тест алына баштады.

Кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа мындан туура он жылдай мурун башталган. Анын негизинде жыл сайын Түштүк Кореяга Кыргызстандан 350 адам кетет. Бирок ал азыр коррупциялаша баштады деген дооматтар айтылууда.

Расмий маалымат боюнча Кореяда 3,5 миңден ашуун кыргызстандык жаран бар жана алардын миңге жакыны мыйзамсыз жүрөт.

Булак: Азаттык