3-мартка карата аба ырайы

3-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, Чүй, Талас, Нарын облустарында, Ысык-Көл ойдуңунда кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10;

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 8…10°.