Орозо болжол менен 27-майда башталат

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы быйылкы Рамазан айы болжол менен 27-майда башталарын билдирди. Бирок айдын чыгышына карап, бир күнгө айырмаланышы ыктымалдыгын эскертти.

Шарият эрежесине ылайык, Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Бул ай Айт майрамы менен жыйынтыкталат.