“Замандаш” партиясынын теңтөрагасы Жеңиш МОЛДОКМАТОВ:  «Министрдин унаасын оңдогон каражатка 10 мекендешибиздин сөөгүн алып келсек болот»

Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн эмгек мигранттар которгон акча жарандардын жашоо-турмушун жакшыртып алууга шарт түзүп, мамлекеттик казынага бир кыйла жардам берип жатканы менен америкалык ойчул Ральф Уолдо Эмерсондун “иногда деньги обходятся нам слишком дорого” деп айтканы бар. Анын сыңарындай, бул каражаттар кандай кыйынчылыктар менен табылып жатканын эске алышыбыз керек. Маселен 2017-жылдын январь-август айларынын ичинде бир гана Москва жана Москва облусунан каза болгон 122 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлгөн. Өзү түзүлгөнүнө он жылдан ашуун убакыттан бери “Замандаш” партиясы мигранттар менен түздөн-түз иштешип келет. Партиянын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов менен тышта иштеп жүргөн мекендештерибиз тууралуу маек курдук.

– Жакында эле иш сапар менен Россияда мигранттар менен жолугушуу өтүптүр. Жолугушууда кандай көйгөйлөр көтөрүлдү?

– Ооба, Россиядагы мекендештер менен жолугуштук. Анын негизинде бир нече маселе айтылды. Алардын ичинен эң орчундуусу – “Жүк-200”. Бул көйгөй мигранттарыбыздын көкөйүнө көк таштай тийиптир. Ошондуктан жакында Россиядагы мигранттар, диаспора өкүлдөрү Бишкекке келип, алар менен биргеликте ушул маселе боюнча Президентке кайрылуу жолдойбуз.

– Кайрылууда кандай көйгөйлөр көтөрүлүп, кандай сунуштар болмокчу?

– Өкмөт 2011-жылы кабыл алган токтом бар. Ага ылайык, каза болгон жарандарга компенсация иретинде 50 миң сомдон бөлүнөт. Бул каражатты эсептегенде 36-37 миң рубль болуп, эч нерсеге жетпейт. Ошондуктан компенсациянын суммасын 100 миң сомго чейин жеткирүү маселеси көтөрүлөт. Токтомдун 11-пунктуна ылайык, каза болгон адамдын документтерин топтоп бериш керек. Анда толгон-токой кагаздар бар. Мигрант легалдуу иштеп, иш келишими болушу шарт. А чынында биздин мигранттардын 70-80 пайызы легалдуу эмес иштейт. Демек, андай адам каза болуп калса, ага компенсация берилбей калат. Ошону, жеңилдетүү сунушу айтылат. Башкача айтканда, өлгөндүгү тууралуу справка, анан паспорттун негизинде тийиштүү квитанцияларды көргөзүп, компенсация бөлдүрүш керек. Жогоруда айткан эки сунуштан тышкары, мигранттардын ден соолугун жана өмүрүн камсыздандыруу ма-селесин чечүү да айтылмакчы.

– А негизи легалсыз иштеп жүргөн жарандарыбыз компенсация албай калган учурлар көп катталабы?

– Андай көп. Мисалы бир кыз каза болгон. Анын бул жакта сексендеги апасы эле бар экен. Ал бара албайт. Мындай учурларда жакындары табылбай калды деп атайын жерге көмүп ташташат. Ал эми Россиянын мыйзамына ылайык, ал сөөк 3 жылдан 5 жылга чейин жерде жатат. Бул убакыт өткөн соң, сөөктү казып алып, өрттөп туруп, кутучага салып жакындарына берип коюшат. Ушундай учурлар көп. Ошол үчүн “Жүк-200” аябай чоң маселе. Мисалы жылына 250дөн 400гө чейин “Жүк-200” келет. Алардын көбү компенсация албайт. Бул нерсе миграциялык кызматка милдеттендирилген. Аталган кызматка караштуу маалымат жана консультация бөлүмү деген борбор бар. Ошол борборго 2017-жылы казынадан 57 гана адамга каражат бөлүнүптүр. Бул деген 20 пайызына эле берилди деген сөз.

– Сырттан каза болуп калган ме-кендештерибизди  Кыргызстанга алып келүү үчүн канча каражат кетет?

– Сөөктү мекенине жиберүү процедурасын кыскача айтып берейин. Алгач, сөөк сөзсүз түрдө өлүкканага барат. Ал жерден ал жыттанып кетпеши үчүн союлуп, бальзамдалып, жолдун алыстыгына ылайыктап тоңдуруп берилет. Андан кийин, атайын материалдан жыттанып кетпегидей кылып жасалган табыпка салынат. Андан тышкары аэропортко атайын унаа менен жеткирилет. Себеби, баардык эле унаа жеткире бербейт. Ал жактан сөөк жүк катары кеминде 3-4 саат ар кандай процедурадан өткөн соң, самолетко салынат. Ошонун баарына 100 миң сом жетет. Бирок, 100 миң сом Россияга гана тийиштүү, башка мамлекеттердеги каза болгон биздин жарандардын сөөгүн алып келүү кыйла айырмаланат. Демек, ар бир мамлекетке тийиштүү эсептер каралат.

– Компенсацияны 100 миңге чейин көтөрүш керек деген сунуш жакшы. А бирок ага акчаны кайдан табыш керек деген суроо келип чыгат эмеспи…

– Мисалы, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 5200 кызматкери бар. Ал эми короткон каражаты 1 млрд. 300 млн. сом экен. Андан тышкары министрдин эле унаасын оңдогонго 800 миң сом коротулган. Бул маселе Парламентте да көтөрүлдү. Ошол эле учурда 1 млн. чукул мигрант тышта иштеп, ИДПнын 30 пайызын камсыздап жатышат. Мисалы жанагы министрдин унаасын оңдогонго корогон каражатты алымча-кошумчасы менен миллион деп койсок, ал каражатка 10 мекендештин сөөгүн алып келсек болот экен. Андай министрлик, ведомстволор көп. Мисалы, ошол Билим берүү жана илим министрлигин алалы. Аталган министрликтин чыгашасы 21 млрд. сом. Анын ичинен тышка чыгып келүүгө чыгаша де-гени 44 млн. сомго жакын каражат экен. Билим берүү тармагы өсүп-өнүп кеткени билинбейт. Ошол 44 млн. сомдун 1 эле млн. сомун үнөмдөп койсо, ал кара-жатка ошол министрликтен он киши тышка чыкпай калат экен. Үнөмдөлгөн каражатка каза болгон 10 мекендешибизди алып келсек болот.

– Кырсыкка кабылган жарандарды мамлекеттин эсебинен мекенге алып келген тажрыйба башка мамлекеттерде барбы?

– Мындай тажрыйба Таиландда, дагы көптөгөн мамлекеттерде бар. Аларда, өз жарандарын камсыздандырышат. Ошонун негизинде тышта каза болуп калгандарды алып келишет.

– Камсыздандыруу боюнча маселеге кенен токтолуп өтсөңүз?

– Биз көптөн бери мигранттар менен иштешип жүрөбүз. А бирок, бул бир уюмдун же кандайдыр жеке тараптын күчү жете турган иш эмес. Ошондуктан мамлекет өзү колго алышы зарыл. Камсыздандыруу, мыйзамга ылайык, өз каалоосу менен гана болушу шарт. Анан бул жеке компания болот экен. Демек, бул маселени чечүү үчүн Өкмөт, миграциялык кызмат тийиштүү камсыздандыруучу компания менен келишим түзүш керек. Анан иштегени чыгып жаткан мигранттардын биле-тине 500 же 1000 сом кошулуш керек. Мунун өлчөмүн адистер эсептеп чыгышат да. Ошол билеттин эсебинен келген каражат Кыргызстандын ичинде сакталуусу шарт. Натыйжада аталган камсыздандыруу компаниясынын эсебинен каза болуп калган, же ооруп калган жарандарыбыз өзүн-өзү камсыздап, мамлекеттик казынадан каражат бөлүү зарылдыгы акырындык менен жок болуп калат. Мисалы, мигранттар барганда медициналык камсыздандыруудан өтүп, ошол жакка каражат төлөп турушат. Ошол каражат акыркы бизге жеткен маалымат менен эсептесек, 3 млрд. рублди түзүптүр. Ал каражат Россиянын карамагында. Ал компаниядан акча алып чыгыш абдан оор. Өкмөт өз колуна алсын деп жатканыбыздын себеби ушул.