Исаков элди «Таза жашоого» чакырды (видео)

Март айынан тарта Кыргызстанда «Таза жашоо» улуттук кампаниясы ишке кирди. Буга байланыштуу премьер-министр Сапар Исаков элге кайрылуу жасады.

Өкмөт башчы өз сөзүндө аталган программа буга чейин өткөрүлүп келген ишембиликтерден айырмалана турганын белгиледи.

— Мен бүгүн жарыялап жаткан улуттук «Таза жашоо» өнөктүгү буга чейинки ишембиликтерден айырмаланат. Саамалыкка ар ким өз ыктыяры менен катышат. Өлкөбүздүн экологиясына кайдыгер карабаган, жаңы экологиялык маданий жараянга кошулууну каалаган, жаш муундарга үлгү көрсөткүсү келген жарандарды, уюмдарды чакырабыз. Жалпы бизнес коомчулугунан экологиялык жоопкерчиликке тарбиялаган социалдык долбоорлорду күтөбүз,дейт Исаков.

Өнөктүк комплекстүү иш-аракет экенин белгилеген премьер-министр жаратылышка аяр мамиле кылуу жаатындагы саамалыкка кошулууга коомчулукту чакырды.

«Таза жашоо» айлана-чөйрөнү көрктөндүрүп, жаратылышты коргоп, таштандыдан арылтууга багытталган республикалык өнөктүк.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, аталган саамалык 1-марттан 31-майга чейин созулат. Анын негизги максаты — айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүп, иретке келтирүү.

Ошондой эле айлана-чөйрө иретке келтирилип, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор курулат.

Мындан тышкары, суу чыгаруу, рекультивация, унаа токтотуучу жайларды куруу, имараттарды, балдар аянттарын сырдап-түзөө сыяктуу иштер аткарылат.

Кампания тематикалык көргөзмө, инсталляция, музыкалык иш-чаралар жана көркөм сынактар менен коштолуп, ага өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдары катыша алат.