Чагылган кармаган акын (Карбалас Бакировдун чыгармачылыгы жөнүндө)

Самсак СТАНАЛИЕВ, жазуучу-публицист


Чыгармачылык көркөм процесс жазуучу каалаган убакта эле каалагандай боло бербестигин, болгон учурда да ошол кайып даарыган керемет абал жандүйнө кумары самагандай жагдайда жарала койбостугун, андай кыямат-кайым кырдаалда калем сынып, сезим өчүп, акыл жетпес учурлар болорун А.С.Пушкин “Зима… что делать нам в деревне?” деген ырында өтө таамай чагылдырган экен. Анткени, гениалдуу акындын өзү мындай кежири жанды кейиткен чыгармачылык тозоктун кыйноосунан гана жаралар өзгөчө кубулуштарга далай ирет каршы келип, анын азабы менен ыракатын эчен жолу өлүп кайра тирилип, өз башынан өткөргөндүгү тикеден-тике себеп болгондур. Чын-чынында акындын же жазуучунун өзүн өзү бир өзүнөн гана табышы, өзүн өзү өзүнүн гана жеңиши дал ушул чыгармачылык процесстен, шыктануунун сырткы, ички булагынан, анан ушул эки кубулуштун татаал кырдаалдарынын тутумундагы өлүмгө тете кыямат-кайымынан же кайып даарыган көз ирмемдеринен башталат. Ошол үчүн дал ушул бир сыйкырдуу кудурет күч колдогон керемет учурларда гана, чыгармачылык жан кыйноо азабын тарттырган жүрөк кагуусунда гана чыгармачыл адам сырдуу күчкө эгедер акын, акын болгондо да бир Кудайдын өзү менен таанышындай сүйлөшө алган, Жараткандын жанына жакынындай бара алган, касиети бар акын.

Менин жеке баамымда, менин жеке ой жүгүртүүмдө адабиятка бакалардай эле жаңылык ачам деп жылаңаяк, жылаңбаш кирип келип, анан Төштүктүн изин кубалап жер алдына кетип калгандай болуп дайын-дарексиз болгон акын Карбалас Бакиров чыгармачылыктын жогорудагыдай татаал процессине кабылып, адабий журтчулукка белгилүү деңгээлде таанылып калса да, өзүнөн өзүн таба албай, өзүнөн өзүн өзү жеңе албай, анан бул татаал жана түшүнүксүз кубулушту изилдеп таанып-билүү тагдырына дуушар болгон эле. Бул жөнүндө акын “Оо, кичине романтиктер…” ырында:

Үйдөн чыгып,
түптүз бойдон поэзияга
поезд менен келгендерден эмесмин.
Аңтарып, мейкиндикти,
качырып үңкүрлөрдөн ауюларды,
чалынып тоо-таштарга түндөсү мен
колума кармап жүрдүм чагылганды… – деп, өз чындыгын өзүнөн таап алгандан кийин поэтикалык ойго айландырганы бар.

Ийе, бир караганда сөзгө сөздүн ырдагы колдонулуш абалы боюнча жаак сындырма эреже менен көзгө сая мамиле кылганда тебетейи кыйшайып калган, акыл-эси ордунда эмес адамдын ойлорундай өз ордуна отурбаган сүйлөмдөрдү жазып жаткандай таасир калтырат. Ошол эле ойлор, ошол сөздөр, сөз айкаштары, поэзияга поезд менен келбегени, мейкиндикти ары-бери аңтарганы, аюуларды үңкүрлөрдөн качырганы, албетте, кызыгууну туудурат, кайрадан бир акыл тегеретип, кайрадан бир тебетейин түз кийген адамдай ойлонуп, атайы даярдык менен окуганды талап кылат. Анан акын өз чындыгын, кайда жүргөнүн, эмне кылганын ырдын акыркы үч сабында мурдагыдан башкача образдык туюнтмалар менен “чалынып тоо-таштарга, түндөсү мен колума кармап жүрдүм чагылганды…” – деп кара жанын жылан соруп жаткандай изденүү кыйноосунда чагылган кар- мап жүргөнүн, өзүнө чейин башкалар баса албаган жолдор менен басканын билдирет.

Чынында эле окурманды Карбалас Баки- ровдун чөп-чарга эмес, тоо-таштарга чалынганы, колуна чырак эмес, чагылган кармап жүргөндүгү дагы бир жолу башка дүйнөгө туш келгенсип бүйүр кызыта, ой туйлата кызыктырат. Ооба, ал дал ошол өзүнөн өзүн табуу процессинен – ай-жылдардын кыпкызыл бир үнүнө айланып изденүү чагылганынан олжолуу кайтканын, кагаз ордуна чагылганды кар- мап келген акын. А бирок К.Бакиров поэзия дүйнөсүнө кайрадан келген кезде кыргыз адабияты жалгыздык менен жымжырттык ырын ырдап, жылдыздын көзүндөй болгон акын- жазуучуну, күн канат көгүчкөндөй чыгармалардын мизи болот, сабы алтын бычагын жоготкондой издеп, карегин кара баскансып табалбай турган учур эле…

Чын-чынында Карбалас Бакиров кум- дай куюлган риторика менен дидактикадан, абстрактуулук менен сөз оюнунан окурман журту тажап, поэзия деген жалаң гана көз талыткан чеберчиликтен, муун өлчөмү менен уйгактай уйкаштыктан, бүдүрү жок ритм менен кубулжуган поэтикалык ансамблден турбашын акынмын дегендерден ар тараптан алда канча артык, алда канча терең түшүнгөн окумал жана интеллектуалдуу мезгилди өздөрүнүн тагдыры катары баштарынан өткөргөн эле. Ушундай кырдаал-шарттын өкүмү жашап турган кезеңде таланттуу акындардын алдында өзүн өзү өзүнөн ачуунун, өзүн өзү өзүнөн табуунун жолу да мурдагыга караганда бир топ татаалдап, жалпылыктан конкреттүүлүккө өтүп, сөз чеберинин өзүнүн көркөм табитине, көркөм мүнөзүнө, ой жүгүртүүсүнө, акындык жана адамдык тагдырына жакын, окшош болгон устаттардын дүйнөсүнөн издөө, табуу жолу турган.

Эгер ошондой көркөм кубулуштар табылган кезде чыныгы чек билбеген кумарлануудан чыккан ой жүгүртүүнүн өзгөчө мета- морфозасы жаралат да, ал чыгармачылык эркиндикти, өзгөчөлүктү, жаңы образдык туюнтмаларды алып келет. Чыгармачылык процесс деген дал ушундай ички гармониялуулук менен көңүл эркиндиги өкүм сүрүп турганда гана натыйжалуу жана жаңычыл көрүнүшкө ээ болот. Карбалас Бакировдун дайынсыздыктын дүйнөсүнө “жоголуп” кетиши, анан капысынан кайрадан адабиятка чагылган кармап келиши мына ушундай ойлордун жаралышына түрткү берет. Экинчи- ден, ал бул мезгилде өзүнүн поэтикалык “менин” кайрадан жаңылап, анын инсан катары жетилишин толук камсыз кыла алган, өзүнүн темасы, философиясы, бир аз өөнүрөөк көрүнгөн чеберчилиги, анан да акындык тагдыры бар акын Карбалас Бакировго айланды. Муну акындын “Коргондогулар жана чексиздик” деген, кыргыз акындарына анчейин тааныш да, жатык да эмес аталыш- тагы ыр китебиндеги чыгармалар айкындай алат.

Эрежелерге баш бербеген “бейбаш” ойлордун, хандар менен бектердин катыгын берген тили канжар, найза көз сөздөрдүн көркөм- эстетикалык күчү аркылуу акындын метофоралуу поэзия жаратууга тартынбай барганын көрөбүз. “Нөшөрлөп төгүп аткан сыртта жамгыр…” чыгармасы жыйнактын бет ачарына берилген ыр. Андагы бир карасаң поэзияга айланбай турган, айланса да баяндоонун туткунунда кала берер турмуштук окуя, аянычтуу кырдаал бизге миң санат дүйнө болуп көрүнөт:
Нөшөрлөп төгүп аткан сыртта жамгыр,
Чагылган тоого тийип шаңгыр-шаңгыр.
Эшикке чыксам менден буйтай качкан,
эсимде кара мышык, караан калгыр.
Оозунда тирүү чымчык карасамчы,
чыңырды каректери кара тамчы.

Көрүнүш бир ажайып: жамгыр төгүп жатат, а чагылган болсо тоого тийип шаңгыр-шаңгыр үн чыгарып, айтор, дүйнө керемет. Ушул ой, ушул табият сүрөтү образдуу туюнтулуп улана берсе деле болмок. Табияттын кайталангыс көз ирмемдеги теңдеши жок сулуулукка бөлөнгөн учурун сүрөт-поэзияга айлантып салса талашсыз мыкты чыгарма жаралмак. А бирок автор антпейт, кырдаалдын жандуу көрүнүшүн көз алдыга келтирүү менен бирге күтүүсүз жерден ой- дун контрасттуулугуна өтөт, б.а. драмалуу- лукка барат. Кара мышык тиштеп барат- кан тирүү чымчык каректерин кара тамчы кыла жанталаша чаңырат. Көрүнүштүн би- ринчиси табият сулууулугу болсо, экинчиси, драмалуу.

Ушул жерден эскерте турган бир жагдай, кара мышык, кара тамчы сөз айткаштары ка- ра күчкө, жырткычтыкка күч берүүнү мифо-сыйкыр түшүнүктөр болгону менен бул жерде тамчынын кара болуп жатканы талаштуу табышмак жагдайга дуушар кылат. Анткени ойдун карама-каршы эмес жагдайда туруп, сөздөрдүн лексико-семантикалык аныктама маанисинин поэтикалык күчүнөн улам элдешкис карама-каршылыктагы трагедиялык абал карекке кадалат. Зордукчул мыкаачы кара менен аянычтуу алсыз каранын метонимиялык мааниде айтылышы аркылуу алардын трагедиясы, гумандуулуктун жеңиши берилет да, окурманды мына мындай психологиялык абалга алып келет:
Угулду жүрөгүнүн түрсүлдөгү,
термелтип титиреткен дарак, тамды.
Үнү жок ал чыңырык мага тийди,
мен тургай мейкиндикке чаба тийди.
Көзөдү, тешип кетти дубалдарды,
аңтарып жан дүйнөмдү жара тилди.
“Өлүмдөн арачала, арачала!”
Өр, дөңдөр аласала, аласала

Философиялык ойдун метафоралуулугу, окуя менен көрүнүштүн тең катар параллелдүү берилиши акындын “мени” аркылуу жандандырылып, анан анын поэтикалык күчү жаратылышка да катуу таасир берип, бүт табият-көрүнүш акындан гана, адамдан гана жардам сурашат. Натыйжада ойдун жыш- тыгы, көрүнүш-окуялардын, кырдаалдын бири-бирине эч кандай байланышы болбогону менен бирин-бири улап, бирин-бири толуктап, алардын бүт бардыгын акынга, акындын жүрөгүнө бириктирет. Ошол учур- да акын бүт дүйнөлүк жаракага окшоп турган экен:
Ошондо окшош элем бүт дүйнөлүк,
Чыңырык өтүп жаткан жаракага…

Ыр андан ары уланат, кара мышыкты лирикалык каарман ташбараңга алып, кара жа- ны карегинен кара тамчы жаш болуп төгүлүп турган таранчыны куткарып калат. Анан ыр балалыктын бала кыял кубаныч-эрдиги менен аяктайт. Драмалуулук менен трагедиялуулук, психологиялуулук менен образдуулуктун поэтикалык күчкө айланышы, акындын күтүүсүз ойлордун перипетиясына барышы чыгарманын көркөм-эстетикалык касиетин арттырган. Мезгил менен балалыкты мындай уютма кыттай деталдаштыруулар менен көркөм штрихтер аркылуу жандандырыла берилиши “Падышамын көкүлчөн, жалгыз атчан…” деген ырынан да ачык, ары элестүү көрүнөт. Бул чыгарма да балалык жөнүндө, лирикалык “мендин” бала чактагы кыял-мүнөзү жөнүндө. Акын бала чактын кыял-мүнөзүн, окуя-жоруктарын образдуу туюнтууда, азыр эле болуп жаткан жандуу көрүнүш катары көрсөтүүдө ошол мезгил, ошол дүйнө көкүл, көкүл үчүн күрөш, көкүл болгон бака жалбырак аркылуу туюнтулат да, жөнөкөйлүк жана анын татаалдыгы дал ошол бойдон элестүү берилет.

Ырас, Карбалас Бакировду адабий чөйрө, кыргыз окурмандары Тайганы кыргыз адабиятына кыргыз Тайгасы кылып кайра жараткан, анын улуттук поэзиябыздын кыртышына өстүрүп, булбулу сайраган жашыл токойго, өзүнүн чыгармачылыгындагы көркөм- эстетикалык ойлордун туруктуу поэтикалык системасына айланткан, ошол токоюн, ошол системасын ошол күндөн бери кара жанын карч уруп багып келаткан акын катары били- шет. Бул чындык, чындык болгондо да анын түздөн-түз акындык тагдыры менен байланышкан адабий-тарыхый чындык. Болбосо К.Бакировго чейин деле кыргыз акындары тайганы, Енисейди жазып келишкен, ал тургай андай аталыштагы ыр жыйнактарын да чыгарышкан. А бирок алардын бири да бул темаларды өзүнүн чыгармачылык көркөм системасына, образдуу ой жүгүртүү дүйнөсүнө айландыра алышкан эмес.

Тийди-качты, эл-жер көрүү саякатынан жаралган таасирлерден улам жаралган ырлары. А К.Бакировдун бул темадагы ырлары, жок, ырлары эмес, сөздүн толук маанисиндеги поэзиясы, дагы бир жолу кайталап туруп айталы, түздөн-түз анын адамдык да, акындык да тагдыры менен чиеленише байланышкан, балапандай жүрөгүнө баш менен кетер өрт койгон, өмүр-жашоосунун балким татаал, жолу кыйгач, мүмкүн турмушунун кайра кайталанбас кайгылуу, мүмкүн анын көңүл арманынан жаралган көкүрөк сыры болгондур, а балким акындык тагдырынын өчпөй турган жылдыздуу жылдарыдыр… Айтор, эмнеси болсо да акын Карбалас Бакировдун экинчи ирет, бул мертебе Кудайы берип, жаңылып-жазбай өзүнөн өзүн табышы Тайга менен, Тайгадагы өмүр менен, андагы ыдык көрсөтүлүп, кодуланган турмуш менен чыр- малыша байланышы бар. Анткени ар кандай поэтикалык субъект акындын өзү экенин, акындын өзүнүн тагдыры болорун эстен чыгарбашыбыз керек.

Экинчиден, кайсыл бир элдин адабиятын- да жаңы тема, жаңы көрүнүш, жаңы тенденция катары көрүнгөн көркөм кубулуштар адегенде эле жаңылык катары таасир калтырат. А эгер ошол кубулуштарды акын улуттук адабияттын тарыхый көркөм традициясына ишенимдүү таянуу менен поэтикалык системанын сөздүк түшүнүгүн, сөз каражаттарынын бири-бири менен табигый түрдө иштелишинин жаңы мейкиндигин жаратууга жетише алган болсо, анда ал жаңычылыктын жаралышын шарттаган болот. Жаңычылык жөндөн-жөн эле жаралбайт, жаралыш шарты, жаралыш абалы түзүлгөн учурда гана өзүн өзү жаратат. Анын жаралганын, анын жаңычыл көрүнүш экенин автордун өзү да билбейт. Карбалас Бакировдун поэзиясында Тайга поэтикалык объекттен поэтикалык субъектиге – акындын өзүнө жана акындын тагдыр-турмушуна айланып отурат. Ушул чыгармачылык процесстин өзүнөн окурмандарга күтүлбөгөн жерден акын Карбалас Бакиров табылып да, жаралып да жатат.

сүргүн, түрмө, кылмышкерлер турмушу жөнүндө көп эле жазылгандыгы белгилүү. Ошентсе да П.Якубовичтин “В мире отверженных” китеби Ф.Достоевскийдин “Записок из Мертвого домасынан” кийинки элге таанылган чыгарма катары саналат экен. Мындай темадагы, мындай мазмундагы чыгармалар буга чейин жазылган жок беле? Жазылып келген, а бирок алар автордун өмүр-тагдыры, турмушу менен сүйүүсү катары көрүнө алган эмес экен. Карбалас Бакировдун тайга поэзиясы да ошондой татаал жана аянычтуу тагдырдан жаралган. Анткен менен ушундай кан түтөтүп, жан кыярга алып бара турган- дай кырдаалдарда акын ар дайым жана ар качан өзүнүн Ата Журтун жүрөгүнөн чыгарбайт. Мындай учурларда ал ач айкырык, куу сүрөөнү коштогон потетикага, жалган декларацияга барбайт, жогорудагыдай ойлорду көркөм параллелдүүлүк катары туйган туяр дегендей байкалбас кыттай пайдаланат, парафразалуулук дегенге жол бербейт. “Красно- Яр шаары ошондой мүнөздөгү ырлардын бири, толугу менен окуп көрөлү:
Үңкүрлөрдөн чыгып дөөлөр далдайган,
аскаларды бөлүп-бөлүп салгандай.
Жашыл газон үзүндүлөр – жайлоодон,
Асфальт жолдор дайра катып калгандай.
Көчөлөрдүн бурчундагы жымжырттык
Ала-Тоодон карыз сурап алгандай.

Сөз аркылуу тартылган мындай көркөм ойду камтыган сүрөт акындын жалпы чыгармачылыгына, айрыкча Тайга ырларына мүнөздүү. “Эсиме бирөө…” ырында да Ата Журтуна болгон кумары сагынган чакта, каалаган күндө Ала-Тоосуна келе албаган, эңсеген кезде элине жете албаган адамдын жүрөгүн жеген кусалык көкүрөк-көөндүн өчүүнү билбес өртү сымал берилет. Экинчиден, дал ошол чыгармачылык процесстин өзүндө акын кыргыз жүрөгү менен, кыргыз түшүнүгү менен кыргыз жерин кыргызча ырдап жатат.

Кызык, эмне үчүн кыргызча дедик? Ооба, кыргыз акындарынын көбү башка жерлерге баргандагы таасирлерин кыргыз болуп туруп, кыргызча жазып жатып, кыргыз сөздөрүн мончоктой тизүү аркылуу башка түшүнүктө, башка улуттун, ошол барган жеринин элинин ой жүгүртүүсүндө жазышканы байкалып жүрөт. Акын Карбалас Бакировдун жогоруда биз айткан өзүнчөлүгүнүн эң башкы белгиси кыргыз болуп туруп кыргыз элин да, кыргыз жерин да жоготпогондугу. Чынында адамдын тагдыр-турмушу, табият-көрүнүш, ал тургай эл тагдыры талант касиети колдоп, көркөм сөз аркылуу кайра жаралса, анда алар өзүнүн реалдуу жашоодогу абалынан алда канча жогору, алда канча маанилүү, теңдешсиз сулуу, анан эң негизгиси жандуу жана түбөлүктүү болот.

Ушул жагынан алганда Кудай жараткан предмет-көрүнүштөргө өтө таланттуу сөз чеберлери жан киргизип, тил бүткөрүп жибергендей туюлат. “Тайга жолун араласам…”, “Ужур шаары”, “Тогуз балл”, “Алыскы тайганын бир бурчтарында…”, “Тайганын таман жолунда…”, “Тайга”, “Өлүм дагы сулуулукту сунабы.?.”, “Чиркейлер”, “Бирок”, “Куюп турду жаңылбай нөшөр гана…”, “Жүрөгүм бул- бул болсоң…”, “Дүркүрөп бой көтөргөн май айынан…” сыяктуу ырлары Карбалас Бакировдун жалпы чыгармачылыгына мүнөздүү акындын башкача, эрежелер менен адабий салттын сызыгына сыйбаган ойлорду айта билгендигин далилдей турган чыгармалар. Анткени акындын өзү колу-бутуна көк бо- лоттон кабаттап кишен салсаң да, өзү гана таап алган эркиндиги менен өзүн өзү баш- карган өзүнүн гана бийлиги менен жашаган сөз чебери. Чын-чынында акындын биринчи жана эң башкы бактысы – бийликтен да, кызматтан да, турмуштан да, тагдырдан да, эркин болушу эмеспи. Карбалас акында ар кандай деңгээлде болсо да ушунун бардыгы бар. Ошол үчүн ал чыныгы акындын тагдырын жаратып жаткан акын.

Эми Карабалас Бакировдун чыгармачылыгынан кездешкен, айрыкча азыркы кыргыз поэзиясына мүнөздүү, жок, мүнөздүү эмес, ажырыктын тамырындай жайылып, сокур жара болуп тарап кеткен бир-эки көрүнүшкө токтоло кетели. Ошондой чекеге чыккан чыйкандай көрүнүштүн бири азыркы акындар ода жанры деп санап алышкан арноо, мактоо, жагынуу, түлкү мамиле жасоо ырлары. К.Бакиров мындай ырларды жазат, башка акындардын санжыргалуу салтын улап ата- энеси, бир туугандары, киндик кан тамган айылы, агай-эжейлери, окуган мектеби, ал тургай чийилген кызыл сызыктын сыртындагы кызыктарды көргүлөрү келишкен коргонго батпагандардын тагдырлары жөнүндө да чыгармалар жаратат. А бирок анын арноо ырлары бизге классикалык поэзия катары таасир калтырган, маселен, О.Сулейменовдун Андрей Вознесенскийге, Ж.Мамытовдун М.Гапаровго, Р.Рыскуловго арнаган чыгармаларындай чыныгы нукура поэзиянын деңгээлинде жаралгандыгын айта кетүү керек.

Ал эми өзү окуган төрт жылдык мектеби жөнүндөгү “Аалам ачылган терезе” ыры окуучулук мезгил, билим уясы туурасындагы эскерүү, өткөн бир кезди сагына самоо жагдайындагы эле ыр эмес, ал туулган жер, айыл, табият, балалык, классташтар, агайлар менен эжейлер тууралуу жазылган философиялык-нравалык чакан поэма. Чыгарма К.Бакировдун карачаар жолборс жаткан адабият астанасына алгач ирет жылаңаяк келген мезгилдерде, 1979-жылы жазылган экен. Экинчиден, бул чыгарма бул багыттары темада жазылган кыргыз акындарынын темененин көзүндөй кызылы жок ырларынан ойдун берилиши жагынан жана акын балладалык мүнөз боюнча кескин айырмаланган, жого- руда биз атаган түшүнүктөр аркылуу мезгил менен адам өмүрүнүн философиясы камтылган, улуттук адабиятыбыздын уланма тары- хынын энчисине айлана турган поэзиянын үлгүсү катары бааланары айкын көркөм сөз туундусу. Анткени аталган ырда адам баласынын жетилиши, дүйнө таанышы аркылуу мезгил менен жашоонун, турмуш менен тагдырдын, анан эң башкысы – тамчыдай балалыктын карегинде кала берген тазалык менен сулуулуктун билгендерге гана билинген трагедиясы чагылдырылган.

Канткен менен Карбалас Бакиров өзүнүн көркөм ой жүгүртүү системасын саналуу гана темалардан, жүрөгүндө гана жаралып, жүрөгүндө гана жашаган идеялардын чегинде жаңылап келе жаткан акын. Ошону ме- нен бирге ал бирөөлөрдүн жүрөгү менен ыр жазып, нукура көркөм асылдыктан адашып турган элге тааныла калам деген, оюна келген темадан башка темаларга түлкү тумшук сала коюп өтө берген, бүт баарын жаза алган тоту куш акындардан да эмес. Өзүнө өзү койгон ушундай талаптардан улам анын чыгар- малары сан жагынан аябай эле аз, анысына жараша тематикалык жактан да өтө чектелүү. Көзү жок тагдыр кабыргасын түтөтүп, башына чай кайнатып жатса да башкаларчылап биздин турмуш гүл турмуш деп ыр, поэма жаза берген куюн кубулма, жылан куйрук макталмаларга жакын турбаган, кээде жылына бир ыр жарата албай калган акын.

Ушундай жагдайдан уламбы, айтор, ал сүйүү темасына да өтө аз кайрылды. Бул жагдайдан алганда кыл санаган окурмандар Карбалас Бакиров деген махабаттын азабы менен жыргалын көргөн эмеспи, ой-санаасы, сезими сүйүү дегенди билбейби же жүрөгү жок, энесинен эле компартия болуп төрөлгөн адамбы деши да мүмкүн. Анткени “Коргондогулар жана чексиздик” жыйнагында махабат ырларынан төртөө-бешөө гана бар, анда да алар сезимге азгырылбаган, аялзатка азезилдей асылып, колго түшкөн албарстыдай жан талаша жалынып, ала салма адаты менен сүйөмүн деп айтпаган, махабат деген балээ- нин айнытма азыткысына жолугуп калып, тал башына асынам деп коркутпаган, интеллектуалдуулук менен сыпаалыктын, сабырдуулук менен ыймандуулуктун негизинде, эгер ылайык келсе айталы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагыдай билген билер бул өзүнчө бир дүйнө деген семантикалык контексттик ыкмада жаратылган көркөм туундулар. “Оо, мындан төрт жыл мурда…”, “Чалкасынан жа- тып алган арыктар…”, “Пахтазарда”, “Таксиде” аталган чыгармалары буга айкын далил болуп бере алат. Бир караганда “Пахтазарда” ырында теримдеги студенттердин ар кимисинин кыял-мүнөзү, эмгек талаасындагы шайыр турмушу жөнөкөй эле баяндалгандай туюлат. Чынында ошондой. Ыр:
Он беш жигит, он беш кыз, “З” группа,
Ырлар калкыйт үстүндө пахтазардын.
Чолоо тийбейт артыңа бурулушка.
Дилбар, Дилбар, Дилбар ай, жатта калдың, – деп башталат. Балээнин баары, чоктой кызыл ысыгы кыяматта да алкымыңа такалган кылыч мизиндей жүрөк муунтуп кыйнай берер унутулбас күйгөн от төртүнчү сапта болуп жатат. Жалгыздыкты жан сырдаш кылган учурда өзүңө өзүң суроо бер: эмне үчүн Дилбарды жатта калдың деп жатат? Атын айтып жатабы же өзүн айтып жатабы? Атын эмес, өзүн, Дилбардын өзүн айтып жатат. Акын- дын ачык айтылбас дил азабы, кызганычы, эч кимге бербес сүйүүсү, тагдырынын сыры дал ушерде. Андан ары ырда терим үстүндөгү көрүнүш, айрымдардын мүнөздөрү акырындан ачыла берет.

Булар чын-чынында жөн гана сый көшөгө, Карбалас акын кантерин билбей карбаластап жатып бизди каратып туруп “алдап” турганы, оюмду билип коёт деп айтайын дегенин шөкөттөп, жымсалдаган поэтикалык жасалга, автордук айлакердик. Муну ой чалгынга чыга алгандар эки көзүн жумуп алып деле көрүп коёт. “Чоло тийбейт артыңа бурулушка” дегенинин өзү да акындын биз байкушту баягыдай азгырып жатканы. Бүт бардыгын түшүнүп жатабыз, артыңа караганга чоло жок дегени да кызылдай калп, акындык алдамчылык. Муну акыркы саптагы лирикалык “мендин” тил кесилип, баш көтөрө алгыс абалда калып, ой-сезимдин чокко түшүп кетишиндей психологиялык абалда чыркырап жатышы аркылуу кара кулак шерлер менен алтын таажы пады- шалар кыңк этпей багынып берген сулуулук пири сүйүүгө кез келгенин айтып жатат.

Көрдүңүзбү Карбалас акындын алтымыш миң амалга салып адаштырган акындык акылын. Анан ырдын акыры мындай саптар менен аяктайт:
Жүрөгүмдө чак түшүң, күүгүм кечиң,
Дилбар, Дилбар, Дилбар ай, жаттап алдым
Эсимдесиң ар дайым, эсимдесиң,
Мен көмүлүп калбасам пахтазарым.

“Жаттап алдым”, “эсимдесиң ар дайым” сөз айкаштары Карбалас акындын каратып туруп бизден жашырып жаткан, алтын катып жат- кандай купуя сыры эми түшүнүктүү болду го.

“Таксиде” аталган ырда кырдаал башкача, сүйүүдөн улам акыл-эстен ажырагандай лирикалык “мен” бул жолу да Кудай уруп дудук. А бирок анын себебин табият, таксидеги эшегине тушагы дегендей абал, күтүүсүз кыймылдар түшүндүрүп турат. Бул чыгармада табият менен аң-сезимдин бири-бирине байланышпаган жагдайдагы байланышкан абалы, тынчсыздандырган кырдаал көркөм синтезде алынат да, образдуулук, жандандыруу күтүүсүз күчтүү берилет. Деген менен ыр баягыл байкуш лирикалык каармандын:
Кудурет жетпей койду жок дегенде,
Ай аттиң, ысымыңды сураганга, – деген өкүнүч-өксүү, бир өмүрдүн эки дүйнөдө басылгыс арманы менен бүтөт. Чын сүйүүнүн уяң, назик, тартынчаак мүнөзү окурмандын оюна санаа салбай койбойт.

Карбалас Бакировго кандайынан айтсак да жараша берет, туурасы туура, туура эмеси да эң туура боло берет. Анткени анын сөз зерге- ри окуп алып, айласын таппай таңдангандан баш чайкап жиберер чеберчилигине эмес, поэтикалык ойдун, болгондо да соо адамдын оюна келбес, кыялына илинбес от кармаган ойдун, эрке мүнөз өзүнчөлүгүн жаш баладай айтып турганына сүйүнөсүң. Ошондуктан К.Бакировдун поэзиясы көпчүлүк акындардын суудай агып турган, кумдай куюла берген ырларындай эмес. Анын поэзиясы окурманынан атайын даярдыкты, окуй билүү маданиятын талап кылат. Ошондо гана Карбалас Бакировдун “… тоодон, жардан сыйгаланып”, дарактардын учу менен жүгүрүп кете аларына, а алдынан ак булуттар, суулар менен талаалар ага берерине, “сызгычтардай көчөлөрдөн жадаганда” трафарет үйлөргө кирбей, жапжалгыз кете берген карышкырларды жашасын деп кубанып турганына сен дагы атасын көргөн жаш баладай сүйүнөсүң. Ошондо гана акын Карабалас Бакиров чексиздерди эмес, бир өзүн гана чексиздиктин түбөлүктүүлүккө айланган чексиз бир үзүмү катары санаарын алаканга салгандай билесиң. Ошондо гана чексиздиктердин түгөнбөшүнө, эч качан жана эч убакта жок болбошуна, ал адамды ар дайыма алыска чакырып турарына ишенесиң.