5-мартка карата аба ырайы

5-мартта түнкүсүн айрым аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн, тоолорго жана тоо этектерине кар түшөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +9…+14;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-1, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -4..-9, күндүз +2…+7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз 0…-5;

Бишкек шаарында түнкүсүн туман каптап, жаан жаашы мүмкүн. Эртең менен да туман түшөт. Күндүз жаан жаабайт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +12…+14° болот.