Кыргызстандык Муслим Евлоев эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону болду

Эркин күрөш боюнча балбан Муслим Евлоев Азия чемпиону болду. Бишкекте 27-февралда башталган турнир кечээ, 4-мартта аягына чыкты.

Финалда Евлоев (74 кг чейин) Монголиялык спортчу Мандахранан Ганзориг менен кармашып, 11:1 эсебинде жеңишке жетишкен.

Коло медалды Казакстандык мушкер Данияр Кайсанов менен Ирандык мушкер М.Хоссеинхани алышты.

Бардыгы болуп КР спортчулары 11 медаль утушкан. Анын экөө алтын. Грек-рим күрөшү боюнча мушкерлер 8 медаль утушкан, анын бири “алтын” Акжол Махмудовго (71 кг чейин) таандык, андан тышкары үч күмүш жана төрт коло.