Бүгүн Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленет

Бүгүн Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленет. Буга байланыштуу майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бардык райондорунда уюштурулат. Мектептерде, окуу жайларда калпактын мааниси тууралуу атайын сааттар өткөрүлүп, калпак жана башка улуттук кийимдердин көргөзмөсү, сүрөт сынактары, концерттер болот.

Толуктай кетсек, Ак калпак күнүн белгилөө демилгеси менен 2011-жылы режисер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Андан бери жыл сайын, 5-мартта Ак калпак күнү белгиленип келет. Өткөн жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.