Асылбек Өзүбеков Кыргыз драма театрынын директору болуп дайындалды

Асылбек Өзүбеков Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Асылбек Өзүбековду кызматка дайындап, жаңы жетекчини театрдын жамаатына тааныштырган.

Асылбек Өзүбеков 1958-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Ал театр жана кино артисти, композитор, музыкант жана журналист.