ДКО-2018: Алыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргызстандын алыш боюнча чемпионаты башталды. Бул спорттчук иш-чара III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата биринчи тандоо турнири болуп саналат.

Аталган спорттун түрү боюнча ДКОдо өлкөнүн атынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн өлкөнүн спортчулары катышат. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында эл аралык күрөш федерациясынын эрежелери менен өтөт.

Эки күнгө созулган турнир алты салмактык категория боюнча өтөт:

— Эркектер арасында эркин стиль (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100 кг ашуун) жана аялдар арасында (55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 75 кг ашуун);
— Эркектер арасында классикалык стиль (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100 кг ашуун) жана аялдар арасында (55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 75 кг ашуун).

Чемпионатты өткөрү үчун 158 миң сом бөлүнгөн.