Кара-Сууда карактоо үчүн киши өлтүрүүгө шектелген топ кармалды

Кара-Суу районунда акчасын каракташ үчүн киши өлтүрүп салган, үч адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-февралда Кара-Суу районунун 54 жаштагы Н.Х. аттуу тургунун белгисиз жарандар өз үйүндө өлтүрүп кеткени тууралуу милицияга кабар түшкөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү («Мыкаачылык менен киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Натыйжада кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 24 жаштагы эки тургуну (Х. уулу Б., А. уулу А.) жана 25 жаштагы бир тургуну (Б. уулу У.) кармалган. Шектүүлөр маркумдун жанынан 270 миң сом акчасын алып кетишкен.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.