Акча талап кылуу үчүн киши уурдаган топ кармалды

Акча талап кылуу максатында Кыргызстандын жаранын уурдап кеткен кылмыштуу топ колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандар 100 миң доллар талап кылуу максатын көздөгөн. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 30 миң доллар алып жаткан жеринен кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү колго түштү. Ошондой эле киши уурдоону буюрган жана уюштургандар дагы кармалган.

Ырасталган маалымат боюнча ишкердин мурдагы бизнес өнөктөшү аны уурдоону буюрган. Ал эми бул кылмышты уюштурган жаран буга чейин да соттолуп, кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо экени аныкталды.

КР Башкы прокуратурасы 28-февралда Кылмыш жаза кодексинин «адам уурдоо» жана «опузалап акча талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө жүрүүдө.