«Ош» базарындагы өрттөн зыян тарткан ишкерлер аныкталды

«Ош» базарындагы чыккан өрт боюнча жабыр тарткандардын тизмеси такталды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министри Санжар Муканбетовдун катышуусунда «Ош» базарында орун алган өрттүн натыйжасындагы зыянды баалоо боюнча Комиссиянын кеңешмеси болуп өттү.

 

Материалдык зыянды калыбына келтирүү жаатында көмөк көрсөтүү жөнүндө жалпысынан 150 адамдан арыз келип түшкөн, анын ичинен 135и –«Сейтек» базарынын ишкерлери («Сейтек» ЖЧК, директору Тойчубекова Ч. Ю.) жана 15 адамы – «Берекет Плюс» базарынын ишкерлери («Табрис-Мурас» ЖЧК, директору – Канжанов Н. Ж.). Белгилей кетсек, Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын сурамасы боюнча 2017-жылдын декабрь айынын соңунда «Сейтек» ЖЧК соодагерлеринин жалпы саны 96 адамды түзөөрү тууралуу маалымат берген.

Ар-бир ишкердин патентин тыкыр текшерүүдөн өткөрүүсүнөн соң,  74 ишкердин гана патенти болгондугу аныкталган. Мында реалдуу материалдык зыян тарткандыгын тастыктаган документтер тиркелген эмес.  Ошондой эле Социалдык Фондго төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес (2017-жылы).

74 ишкердин 32синин банктагы насыясы бар жана суммасы 50 миң сомдон 2,1 млн.сомго дейре жетет. Жалпы суммасы 16 984 306 сомду түзөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2018-жылдын 1-февралындагы №75 «Ош базары» соода-рынок комплексинин аймагындагы өрттүн натыйжасында жабыркаган КР ишкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 11-пунктта көрсөтүлгөндөй, эгерде арыз берүүчүү Комиссия тууралуу Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын ишкердүүлүк субьектилерин каттоо жөнүндө күбөлүктү жана келтирилген зыян тууралуу тастыктаган документтерди тапшырбаса, арыз берүүчүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлбөйт.

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Элдар Абакировдун маалыматы угулуп жана талкууланган соң Кыргыз Республикасынын өрттөн жабыркаган ишкердүүлүк субьектилеринин тизмесин 74 субъекти иретинде бекитүү чечими кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө бекитилген тизмеге ылайык, соодагердин иштеген учурунан тарта 6 айга патент үчүн төлөмдү узартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизүүсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына мыйзам аркылуу бекитилген тартипте өрттүн натыйжасында жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү үчүн документтерди кароону тездетүүдө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына соода-рынок комплекстеринин жетекчилерине өрткө каршы режимди көзөмөлдөөнү жүргүзүү үчүн обьекттин өрттөн куткаруу командаларын түзүүнү, ошондой эле кызматкерлерди өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө окутууну сунуштосу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана финансы-кредиттик уюмдарга (макулдашуу боюнча) Комиссия аркылуу бекитилген тизмеге киргизилген Кыргыз Республикасынын жабыркаган ишкер субьектилеринин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо жүргүзүүсү жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына 2018-жылдын 1-майына дейре маалымдоосу сунушталды.

Ошондой эле ишкер субьектилерине мүлктү өрттөн жана башка коркунучтардан өз учурунда камсыздоосу туурасында пикир айтылды.