Оскар сыйлыгы өз ээлерин тапты

4-мартта Лос-Анжелестеги «Долби» театрында өткөн «Оскар» киносыйлыгынын быйылкы жеңүүчүлөрү сыйланды. Ага ылайык, «Суунун калыбы» фильми «Мыкты тасма» багытында «Оскар» сыйлыгын алды. Анын тарткан Гильермо Дель Торо «Мыкты режиссер» деп табылды.

Ал эми «Мыкты актриса» деп Фрэнсис МакДорманд табылды. Ал «Эббинг четинде үч билборд, Миссури» фильминдеги ролу үчүн сыйланды.

«Мыкты актер» наамын «Кыйын кезең» фильминдеги ролу үчүн Гарри Олдман жеңди.

«Оскар» тапшыруу аземи ушуну менен токсонунчу жолу уюштурулууда. Анда 2017-жылы чыккан тасмалар боюнча мыктылар аныкталды.

Тандоо жараяны 2017-жылы ноябрда башталып, быйыл 28-февралда аяктаган.

Аталган сыйлык 1929-жылы негизделген. Аны жыл сайын АКШнын кинематография, искусство жана илим академиясы ыйгарат.