Ошто балдызына бычак сайган адам кармалды

Ош шаарынын борбордук базарында иштеп отурган балдызын бычактаган адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан маалымдашты.

Окуя кечээ, 4-март күнү болгон. Соода кылып отурган келинди белгисиз адам арка тарабынан бычак сайып качып кеткен. Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү адам окуядан 10 мүнөттөн кийин кармалганын Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты. ШИИБдин кайгуул кызматты тарабынан окуяга шектелип, жабырлануучунун 1963-жылы туулган жездеси — Ж.К. колго түшүрүлгөн.

Шектүү ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ жабырлануучу анын балдызы экенин, ал эжесине (кылмышка шектүүнүн аялына) ортого түшүп ири суммада карыз акча таап бергенин айткан. Аялы карызын кайтаруу үчүн Россияга эмгектенүүгө кеткен. Шектүү балдызын эжесин чет өлкөгө кетирүүгө шарт түзүп берди деп айыптап жатат.

«Ѳлтүрѳйүн дегем, бирок ѳлбѳй калды», — деп көрсөтмө берген шектүү.

Учурда кылмышка шектүү Ж.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.