УКМК “Дордой” базарында тинтүү жүргүзүүдө

“Дордой” базарынын айрым кампаларында ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов маалымдады.

Азырынча тинтүү иштеринин толук чоо-жайы айтыла элек. УКМКдан кийинчерээк кенен маалымат берилерин билдиришти.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Коррупцияга каршы мамлекеттик кызмат салык кызматында жана бажы терминалдарында тинтүү жүргүзүп жатканын жазып чыгышкан. Бирок Мамлекеттик салык кызматы “Дордой” базарында эч кандай тинтүү жүрбөгөнүн, кадимкидей иштеп жатканын, ал эми Бажы кызматынын бул тууралуу маалыматы жок экенин маалымдашты.

Булак: Азаттык