Ош базарындагы «Сейтек» соода жайында миң чарчы метр күйүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 5-мартта «Сейтек» базарынан чыккан өрт үч сааттан кийин, 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 1000 чарчы метр аянт күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматовдун «Азаттык» радиосуна боюнча өрттүн чыгуу себеби белгисиз:

— Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Атайын лаборатория бар, алар азыр иштеп жатат. Алардын иликтөөсүнүн негизинде 6-мартта тыянак чыгарабыз.

Алдын ала маалымат боюнча өрттөн жараат алгандар жок.

Быйыл 30-январда ушул эле соода түйүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен. Анын жанындагы «Берекет плюс» соода түйүнүндөгү 10 контейнер да кошо өрттөнгөн.

Булак: Азаттык