Төрага Чыныбай Турсунбеков Чоң-Алайга барат

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Туруснбеков эки күндүк иш сапары менен Ош облусунда жүрөт. Төрага бүгүн, 19-майда жер титирөөдөн жабыркаган Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарынын калкы менен жолугушат. Сапар алкагында Чыныбай Турсунбеков Өзгөн районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан Жалпак-Таш айыл аймагынын жашоочуларынын абалынан кабар алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Ош облусунун аймагында жана Ош шаарында курулуп жаткан бир катар объектилерди көрөт.

Кечээ, 18-майда төрага Кара-Кулжа районунда жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл башчылары менен жолугушкан.

One thought on “Төрага Чыныбай Турсунбеков Чоң-Алайга барат

Комментарии закрыты.