Элге берилген убадалар аткарыла баштады

24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына расмий киришкен Сооронбай Жээнбековдун алгачкы 100 күнү жемиштүү жана иш сапарларга, жолугушууларга бай болду.

Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы катары иш сапарын тарых жана тагдыр кошкон улуу кошунабыз Россия Федерациясынан баштап, президент Владимир Путин менен жолугушту. Андан көп өтпөй, Беларусиянын борбору Минск шаарында өткөн Коллективдүү коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышты. Ушул жый-ындын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, жылуу маанайда сүйлөшүү менен, өткөн жылдын күз айларында сууп кеткен эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жумшартып, жылуулук кир-гизди жана эң башкысы чек ара маселелерин бир жаңсыл чечти десек болот. Бул кадам-ды жаңы шайланган мамлекет башчыдан бүтүндөй Кыргызстан, айрыкча эки өлкөнүн жана үчүнчү тараптардын ишкерлери күтүп жаткан.

Президент С.Жээнбековдун алгачкы расмий сапарын Өзбекстанга жасаганын Кыргызстандын тышкы саясаттагы ырааттуу жана мыйзам ченемдүү кадамы катары кабыл алсак болот. Ага улай мамлекет башчы Казакстанга жана Тажикстанга расмий сапарлар менен барып, өз ара кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулады. Бир катар расмий документтерге кол коюлду. Тарых жана тагдыр кошкон кошуналар менен ар дайым жылуу мамиледе болуу тээ ата-бабалардан келаткан улуу салт. “Алыскы туугандан жакынкы кошуна” деген кеп бекеринен айтылган эмес. Андан калса, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен Кыргызстанды чек аралар гана эмес, суу-энергетикалык, жол-транспорт маселелери баштаган көптөгөн экономикалык байланыштар аябай чырмалыштырып турат. 9-январда Президент Сооронбай Жээнбеков “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду, бул аймактарды өнүктүрүүдөгү негизги документ болот деген ишенич бар.

Ал Нарын облусунун Жумгал районунун эли менен жолугушууда: “2018-жылы аймактарды өнүктүрүүдө системдүү өзгөрүүлөргө негиз түптөлүшү керек. Бул бийликтин бардык бутактарынын, жарандык коомдун бирдиктүү аракеттерин талап кылат. Жогорку Кеңешке, Кыргыз өкмөтүнө аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар берилди. Эми региондорду өнүктүрүүнүн узак  мөөнөттүү, комплекстүү пландары иштелип чыгат, айылдарды, шаарларды жана башка аймактык бирдиктерди пландоо стандарттары бекитилет”, – деп белгилеген эле.

Президент адилет айткандай: “Кайсы бир аймактан аттуу-баштуу чиновник же депутат чыкса, ал аймакка бюджеттик каражаттарды бөлүштүрөт, тескерисинче каралбай калган да айыл-кыштактар бар. Кээ бир аймактарда мектептер, ооруканалар курулбай калган. Биз аймактарды өнүктүрүүдө ушундай көрүнүшкө жол бербешибиз керек, бюджеттик жана инвестициялык каражаттар уктаждыкка жара-ша пландуу бөлүнүшү зарыл”. Мамлекет башчынын ал жарлыгы менен аймактарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленсе, андан бир ай өтпөй, 8-февралда КР Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзү миңдеген кыргызстандыктардын көңүлүн муютту. Бирок, ошол эле учурда айрымдар “бардык эле президенттер коррупция менен күрөшөбүз дешкен” деп ишеним киребеген, арсар абалда турганын да айтып коюубуз керек. Бирок да, эч бир президент коррупция улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй экенин айтып, “коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатканын” белгилеп, коррупция менен күрөшүүгө саясий эрким жетет деп батынып айта алган эмес.

Андыктан, эл арасында, анын ичинде саясатчылар арасында Сооронбай Жээнбеков коррупция менен эч качан келишпеген, акыр аягына чейин каршы турган чыныгы элдик лидер боло ала тургандыгына ишенгендер көп. Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо учурундагы саясий дебаттарынын биринде анда 35 коррупционердин тизмеси бар экенин, ал бийликке келсе, коррупцияга каршы күрөштү мына ошолордон баштай турганын бүтүндөй кыргызстандыктарга убада кылган. 8-февралдагы КР Коопсуздук кеңешиндеги: “Мен өлкөнү түрө кыдырдым, дээрлик бардык аймактарда калайык-журтум менен жолуктум. Кыргызстандыктар буга чейин баштаган коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү улантууну, аны күчтөндүрүүнү, тазаланууну талап кылып жатат. Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкка көңүл бурушубуз керек. Өлкөдөгү коррупция менен күрөш жалпы улуттук мүнөзгө ээ болушу керек. Коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдары менен эле чектелип калбайт. Күрөштү бардык чөйрөдө, бийликтин жогорку эшелондорунан тартып, ар бир айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек. Бул күрөштө эң башкы күч – Президенттин саясий эрки! Кыргыз элимдин, жалпы журтумдун алдында “Коррупция менен күрөшүү – менин мамлекет башчы катары ишимдеги эң артыкчылыктуу маселе” деп айткам. Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын!” – деп сүйлөгөн сөзү президенттин ошол убадаларына жооп болуп калды деп ойлойбуз.

Чындыгында,  көйгөйлөр  абдан  көп. Президент айтмакчы, “күч түзүмдөрү коррупцияны жараткан факторлор менен эмес, негизинен алардан чыккан кесепеттер менен күрөшүүдө. Коррупцияны жаратып жаткан себептер жоюлбаса, ал кайра эле кайталана берет, күрөштүн жыйынтыгы чыкпайт”.

Мамлекет башчы ошол эле жыйында: “Эксперттердин айтымында, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоң суммага жетти. Уюшкан кылмыштуулукчөйрөсүндө чоң өлчөмдөгү акчалардын агымы – укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор наркотиктердин транзитин жана товарлардын контрабандасын тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч

түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт”, – деп дагы бир улуттук деңгээлдеги көйгөйдү белгилеп кетти. Андай болгондо, президенттин эмки кадамы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш болот деген үмүт бар.

100 күн аралыгында бүтүндөй кыргызстандыктар Президент Сооронбай Жээнбековдун  илбериңки  дипломат,  элдин көйгөйлөрүнө көз жуумп койбогон чыныгы элдик адам жана коррупцияга каршы тайманбай күрөшө ала турган чечкиндүү саясатчы экенине көзү жетти. Демек, ал кадам артынан кадам жасай берсе, эл күткөн үмүттү актай тургандыгында шек жок.