«Ууруну карма!» деп ууру жүрөбү?

Курманбек Рысбаев 15-февралда белгилүү маалымат агенттиктеринин бирине: “Балыкчы” балык чарбасын рейдерлик басып алуудан кийин жыгачтар, чабактар жана инкубациялык жабдуулар уурдалган”, – деп пресс конференция бериптир. Ага чейин бир катар басылмаларга Президентке “Балыкчы” ААКсынын акционерлеринен кайрылуу” жарыяланган. Аларда ушул акционердик коомдун мурдагы директору Догдурбек Догочиев жана кийинки директору Курманбек Рысбаев рейдерлердин курмандыктары болуп калышкандыгы жазылат.

А чынында “курмандыктар” кимдер?

Д.Догочиев убагында мыйзамды сыйлап, өзүм билемдик кылбаганда, балким көптөгөн акционерлер өз акцияларын ага сатышып, ал ишкананын контролдук пакетине мыйзамдуу ээ болуп калмак беле? Тилекке каршы, ал “жапайы приватташтыруу” убагында мыйзам бузуу менен катардагы акционерлердин (балык чарбасынын мурдагы иштөөчүлөрүнүн) укуктарын бузуу менен аларга тиешелүү акциялардын басымдуу бөлүгүн да өзүнө ыйгарып алган. Бул кийин акционерлердин узакка созулган күрөшүнөн улам соттор жана тиешелүү органдар тарабынан таанылып, аларга кайтарылган.

2012-жылдын 27-декабрында “Балыкчы” ААКсынын кийинки мыйзамдуу акционерлери (алар эмгек жамааты дагы) чогулуш өткөрүшүп, жаңы директорлор кеңешин жана аткаруучу директорду шайлашкан.

Бирок, ишкананы ага чейин өзү билгендей калчап, бекер “май талкандын” даамын татып калган Д.Догочиев жана ал койгон директор К.Рыспаев өзүнүн “командасы” менен ушул убакка чейин ишкананын дээрлик 80% акциясына ээ акционерлердин укуктарын бузуу менен аларды иштетпей, ишка-нанын мөөрүн жана иш кагаздарын бербей келет. Атүгүл, жогоруда көрсөтүлгөн датадан кийин К.Рыспаев мыйзамдуу дайындалган директор болуп саналбаса да мыйзамдуу акционерлерге тиешелүү көлмөлөрдү да бербестен, өз укуктарын талашкан акционерлерге жана жаңы шайланган жетекчилерге ыдык көрсөтүү аракеттерин жасаган.

Анын  жана  шериги  Тынчтыкбек  Жапаровдун  мындай “чоң муштумдугунун” “натыйжасына” узакка созулган териштирүүлөрдөн кийин азыр Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда баа берилип, 6-мартта өкүмү угузулганы турат. Анткени, К.Рыспаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин өзүм билемдик, акционердик коомдун мүлкүн басып алуу, документтерин, мөөрүн жана штампын бербөө, соттун чечимин аткарбоо, башка бирөөнүн мүлкүн тоноо, автомашинаны айдап кетүү сыяктуу бир нече беренелери боюнча 2014-жылдан бери бир нече кылмыш иши козголгон, кийин алар бир ишке бириктирилген.

Эми, эгерде Сокулук райондук сотунун ишти карап жаткан судьясы мыйзамдуу жана негиздүү чечим кабыл алса, К.Рыспаев бир топ мөөнөт “тор артындагы жашоонун” даамын татып калышы мүмкүн.

Ошентсе да, Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында ачуу чындыкты айткандай, сотко жеткен иштердин көпчүлүгүндө судьялардын өзүм билемдигиненби, же башка кызыкчылыктарынан уламбы, мыйзам бузгандарды актап, же жеңил жаза берип, башкача айтканда кылмышкерлерди “башка чапкандын ордуна башынан сылап” койгон учурлар да арбын. Буга чейин ар кандай колдоочуларынын колдоосу менен тергөө изоляторунда жатуудан бошонуп кеткендей, К.Рыспаев судьянын да “тилин табуу менен” жоопкерчиликтен жеңил кутулуп кетеби деген күмөн ой да “Балыкчы” акционердик коомунун катардагы акционерлерин түйшөлтүп турат. Анткени, ага КЖКнын оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча айып тагылганына, анын тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдуктарды жасаганына карабастан, алгач баш коргоо чарасы тергөө изоляторунда кармоо катарында тандалып алынса, кийин эч жакка кетпөө тил каты менен алмаштырылып калган. Ошондуктан уялгандын ордуна, ал кайра маалымат агенттигине барып “Балыкчынын” мыйзамдуу акционерлерин жаманатты кылууга аракеттенип жүрөт.

Ууруну карма!” деп ууру жүрөбү?

Ал ортодо, орустардын макалында айтылгандай, сот жана укук коргоо органдарына таасир этүүгө аракет кылышып К.Рыспаев менен Д.Догочиев маалымат агенттиктеринде пресс конференцияларды өткөрүп жана гезиттерге акционерлердин атынан кайрылууларды жасап келишет. Аларында өз укук-тары үчүн күрөшүп жатышкан 80%дан ашуун акцияга ээ акционерлерди жана алардын лидерлерин рейдерлер катарында көргөзүү аракетин көрүшүүдө.

К.Рыспаев жөнүндө кыскача айтылды. Эми Д.Догочиев жөнүндө да бир аз маалымат берип коелу.

Сөз башында айтылгандай, ага союз тарап жаткан маалда Фрунзе балык чарбасын (кийин “Балыкчы” ААКсын) приватташтыруу убагында жетектеп туруу бактысы туш келген. Бирок, ал ишкананы башка майда акционерлердин – ишкананын иштөөчүлөрүнүн да кызыкчылыктарын бузбастан, мыйзамдуу приватташтыруунун ордуна, жогоруда айтылгандай, атасынан калган мүлктөй мамиле жасаган. Мындай көз боемочулуктардын натыйжасында мурда жалпысынан 420 гектар аянты бар 53 көлмөдөн турган, 66 адам эмгектенген чарба Д.Догочиевдин жана анын жакындарынын менчиги-не айланган.

Ал ортодо Курманбек Бакиев өлкөдөгү бийлик бутактарынын баарын колуна кармап турганда, парламенттин депутаты болуп калган коммунист Исхак Масалиевдин рекомендациясы менен Игорь Чудинов 2010-жылдын 12-январында Д.Логочиевди Айыл жана суу чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директору кызматына дайындаган.

Апрель революциясынан кийин бакиевчил жетекчилердин дээрлик бардыгы кызматтарынан куулушканда да Д.Догочиев кандайдыр-бир жол менен кызматында калып, 2013-жылдын мартында гана иштен бошотулган.

Ал иштен бошотулгандан кийин 2014-жылы Башкы прокуратура тарабынан республика боюнча көлмөлөрдү ижарага берүүдө ижара акысын төмөндөткөндүн натыйжасында мамлекетке 8 миллиондой сом зыян келтиргендиги, андан тышкары 25 миллион сомдук салыктарды төлөтпөгөндүгү үчүн мыйзам бузду деп айыпталып, бирок, кандайдыр-бир жол менен азырга чейин иш тергелип бүтпөй жана сотко өткөрүлбөй келет. Ишти карап жаткан Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүсү Тимур Сатыбалдиев ушул жөнөкөй эле ишти дагы канчага чейин создуктурат болду экен?

Ал да эч нерсе эмес. Д.Догочиев бул жолу да суудан кургак чыгып, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай калабы? Анткени, жогоруда айтканыбыздай, “Балыкчы” ААКсынын акционерлеринин атынан деген кайрылуулар мына ушул максатты көздөп жасалып жатканы көрүнүп турбайбы!