Башкы архитекторго алы жетпеген аким аймакты кантип өнүктүрөт?

Президент С.Жээнбековдун Жарлыгы менен 2018-жыл – “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды. Бул маселенин эбак бышып жеткендигин, акыркы убактарда облустардын, райондордун жергиликтүү маселелерди чечүү боюнча укуктары азайтылууга гана багытталып келгендигин, орто звенодогуларга министрликтердин, ведомстволордун диктаттары күчөгөн менен аймактардагы абал боюнча жоопкерчиликтери жокко эсе болуп бараткандыгы эч кимге жашыруун эмес.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө басым жасалып жаткан азыркы мезгилде жергиликтүү бийликтегилер укуктарынын көпчүлүгүнөн ажырап калгандыгын да ачык айтуубуз керек. Азыр күч органдарынын, айрым фискалдык органдардын жер-жерлердеги башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн, акимдин, мэрдин макулдугусуз борбордон түз дайындалат. Алардын ким экендиктерин  көпчүлүк  учурда  райондор-дун, шаарлардын жетекчилери билбей да калышат.

Бир мисал. Өкмөткө караштуу Мамле-кеттик архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба агенттигинин жетекчилиги ушул жылдын башталышында мурда Майлуу-Суу шаарында ушундай кызматта иштеп келген Акылбек Керимбеков деген адамды которуу жолу менен Аксы районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы кылып дайындайт. Ал жөнүндө Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов укпайт дагы, аны качан алып келип, кызмат ордуна отургузганда көрөт. Ага чейин ал тармакта 30 жылдан ашык убакытта иштеген, жогорку билимдүү адис Мырзакарим Султановго эки жолу сунуш берсе, Агенттиктин жетекчилиги кабыл албай коёт.

Ал эми А.Керимбеков, эмгек жамаатындагылардын кат жүзүндөгү билдирүүлөрүнө ылайык, келгенинен көп өтпөй эле мамлекеттик кызматкердин этикасына, жүрүм-турумуна  сыйбаган  терс  сапаттарын көрсөтүп, көбүнчө кызымтал абалында ишке келип, кол алдындагыларды каарып, коркутуп-үркүтүп, аларды өкмөттүк гезиттерге жазылбоого чакырып, алардын, райондун жетекчилигинин даректерине да жаман сөздөрдү айта бергендиктен, анын үстүнө келгенден бери бир да өндүрүштүк чогулуш өткөрбөгөндүгүнөн улам кызматкерлеринин бардыгы оройлугу ашынган жетекчини тез кызматынан кетирүү жөнүндө райакимчиликке талап коюшат. Эмгек жамаатынын профсоюздук чогулушун өткөрүшүп, аны кызматтан бошотуу жөнүндө жогорку органдардан сурануу тууралуу чечим да кабыл алышат. Эгерде акимчилик маданиятсыз жетекчиге чечкиндүү чара көрбөсө, адегенде иш таштоого барышаарын, ага да болбосо, ачкачылык жарыялаша тургандыгын расмий түрдө эскертишет.

Бирок, эмгек жамаатындагылар бир нече ирет арызданышса дагы бул маселе  боюнча  Агенттиктин  жетекчилигинин тийиштүү чечим кабыл албай жаткандыгы таң калтырууда. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамынын 47-беренесинин 1 в-пунктунда мамлекет-тик органдарда иштеген кызматкерлерди кызматынан бошотууга бир жолу мас аба-лында келгендиги негиз боло тургандыгы көрсөтүлгөн. Иш убагында такай кызым-тал абалда жүргөн жетекчиге карата Агенттиктин, Аксы райадминистрациясынын жетекчилигинин алигиче тийиштүү чара көрбөй жаткандыгы түшүнүксүз болууда.

Президенттин аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндө жарлыгында “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарын жана дареметин күчөтүү…”,  “…кадрдык дайындоолор жана мамлекеттик бюджеттик каражаттарды колдонууну көзөмөлдөө маселелерин кошо алуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү жамааттардын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында мыйзамдарды өркүндөтүү…” зарылчылыктары көрсөтүлгөн. Чындыгында эле Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүндө, акимдерде  же  бюджет,  же  жок  дегенде райондун башкы архитекторун дайындаганга укук болбосо, алардын сөзүн ким угат, таасирлери кимге жетет? Андай жөн эле фактыларды констатациялап отурган-дардан аймактардагы абал жөнүндө чындап сураганга болобу?

Биздин оюбузча, министрликтер, ведомстволор аймактардагы экономикалык, социалдык абалга жооп берүүчү жергиликтүү жетекчилердин түйшүктөрүн көбөйтүп, орустар айткандай, дөңгөлөккө таякты тыга койгондун ордуна аларга жардам берүүлөрү керек. Облустарда мурдагы губернаторлук институттар калыбына келтирилип, алардын, райондордун акимдеринин бюджетте-ри болуусу, кадрдык укуктары кеңейтилүүсү зарыл. Ансыз аймактарды өнүктүрүү куру сөз бойдон кала берет.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, журналист