Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (5-макала)

Биз эч качан Токтогулду адепсиз, ата-эненин тарбиясын көрбөгөн, салт билбеген, нарк билбеген акын деп айтпас элек. Бирок адабиятчыларыбыздын ушуга чейин улуттук нарк-насил факторун эске албай, 13 жашар Токтогулдун (мейли 19 жашта деп эле коелу) өзүнөн 40 жаш улуу адамга “мадырайган соргогум” дегенинен элдүүлүктү издегени, элдик акын катары түшүндүргөнү ошол адабиятчылардын эл-дик каада-наркты сыйлабаганы, таптык күрөштү салттан өйдө койгону катары кабыл алса болот. Андыктан, Арзымат менен Токтогулдун айтышына астейдил мамиле жасап, агын ак, карасын кара кылып, ага эч кандай саясий түс, боек кошпой эле түшүндүргөн оң.

Дегинкисинде, Сагындык Сапаров айтуусундагы  “Арзыматка”  деген  ыр  тексттинде Токтогулдун кадыр-баркына шек келтире турган эч нерсе жок: «Адыр эмей, талаамын, // Жигит эмес баламын. // Жар-дуу жер болсо өтөмүн, // Сен өңдөнгөн ырчыга,  //  Саламат  аман  чоңойсом,  //Жандап  кууп  жетемин»  деген  Токтогул качандыр бир Арзыматтай чоң акын болоормун деп, изги ниет, тилек кылып жатат.

“Арзыматка”: эки текст, эки башка көз караш, эки башка түшүнүк, деги кайсыл Токтогулга ишенебиз?

Биздин күндөргө Арзыматтын Токтогулга карата ырынын текстти жеткен жок, Арзыматтын Токтогулга карата эмне деп ырдаганын билбейбиз. Болгону адабиятчылар Арзымат Токтогулга карата «жакырсың», «томаяксың» деп ырдаган деген түшүндүрмөлөрдү берип жүрүшөт. Ким билет, мүмкүн ырдаса ырдаган чыгар. Токтогулдун атасы Сатылган жакыр адам экенин айтса айткандыр, жакыр адамды «жакыр» деп айтпаганда, «байсың» же «манапсың» деп ырдамак беле. Токтогулдун 1956-жылы жарык көргөн чыгармалар жыйнагына жазылган баш сөзгө караганда: «Сарттар уруусу Кетмен-Төбөдөгү эң кедей уруулардан болуп, «томаяктар» деп аталган» (Токтогул. Чыгармалар жыйнагы. Түзүүчү: Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту. Кыргызмамбас. Ф., 1956.) экен. Бүтүндөй Кетмен-Төбө өрөөнүндөгүлөр сарттар уруусун “томаяктар” деп жатса, Арзымат башкача кандайча ырдашы ыктымал? Ырчылардын бири-биринин кемчилигин айтып ырдоо – дээрлик бардык айтыштарга мүнөздүү экенин жогоруда да айтканбыз. Кеп, Арзымат Токтогулдун өзүнүн жеке керт башына асылып, «кем акылсың», «акмаксың» деп ырдаган жок, эң башкысы ошол эмеспи, туурабы?!!

Үчүнчүдөн, Токтогулдун Арзыматка  карата  ырдаган ырындагы  үч  сап ыры  –  Арзыматтын бай-манаптын ырчысы  болгонунун  ачыктан  ачык далили эмес. Ырас, Сагындык Сапаров сүрөттөгөн  окуяга караганда,  Арзымат Дыйканбайлар менен бир боз үйдө, бир дасторкондо чогуу отуруп, аны менен тең ата сый көрүп отурат. Мунун өзү Арзыматтын коомдогу бедели Дыйканбай менен тең болгонун эле тастыктап турбаса, асти «эшик ырчылыгын» билдирбейт. Эгер, манап менен ырчынын дасторкондо чогуу отуруп калганы үчүн эле, Арзымат Дыйканбайдын «эшик ырчысы» дей турган болсок, анда болуш менен чогуу жүргөндөрдүн баарын анын «жугундукорлору» катары тастыктап, түшүндүрмө беришибиз керек. Андай карасанатайлык Кудайга да жакпаган иш эмеспи. Бирок, ошого карабастан өз мезгилинде Токтогулдун «Арзыматка» деген ырына тескери түшүндүрмөлөр берилип, Арзыматка карата «эшик ырчы» деген жарлык тагылып, Арзымат коомдук аң-сезимге бай-манаптын ырчысы катары сиңип калды.

Арийне, Токтогулдун «Арзыматка» де-ген тескери түшүндүрмө берилген ырынын текстти башка. Биз жогоруда сөз кылган, Сагындык Сапаровдон жазылып алынган Токтогулдун Арзыматка караган ырынын тексттин акындын ар кайсы жылдарда жарык көргөн бир да ыр жыйнагынан жана чыгармаларынан тандалган томдуктары-нан таппайсыз. 1956-жылы Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту тарабынан даярдалып, «Кыргызмамбастан» жарык көргөн, акындын ырлары качан жана кайдан, кимден жазып алынганы тууралуу түшүндүрмөлөр берилген Токтогулдун чыгармалар жыйнагында «Арзыматка» деген ырынын текстти мындай:

«Дыйканбайдын үйүндө,

Жүргөнүңдү ырдадың.

Кошоматка кой союп,

Күлгөнүңдү ырдадың.

Казы менен картага,

Тойгонуңду ырдадың.

Кан Дыйканбай ырчысы,

Болгонуңду ырдадың.

Кара карга үндөнүп,

Каркылдаган, урганым!

Манапты ээрчип эт жеген,

Мадырайган соргогум!

Мени жакырсың деп кордодуң,

Жакыр да болсом мен өзүм,.

Жаандан чыккан жоргомун» (Токтогул.

Чыгармалар жыйнагы. Түзүүчү: Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту. Кыргызмамбас. Ф., 1956.).

Аталган китепте «Арзыматка» деген ырдын тексттине төмөнкүдөй түшүндүрмө берилген: «Арзыматка» – (1883-жыл) алгачкы ырларынан болуп эсептелет. Ырдын чыгышына төмөнкү кырдаал себеп болгон: Кетмен-Төбөнүн манаптарынын бири Дыйканбайдын ырчысы Арзымат Сопу бий дегендикинде жергиликтүү мыктылардын арасында ырдап отурган болот. Бул жерге аш акын да келип калат (Ошол кезде Ток-тогул 19 жашка чыккан кези эле). Токтогул кирери менен эле Арзымат жаш акын – Ток-тогулду «жакырсың», «томаяксың» деп, өзү манаптын ырчысы экендигин айтып мактанып ырдайт. Токтогул андан мурун Арзыматка окшогон карт ырчылар менен айтышып көрбөсө да, беттешүүдө аны жеңип чыгат».

Бул текст менен Сагындык Сапаровдон жазылып алынган тексттеги «Манапты ээрчип эт жеген, // Мадырайган соргогум! // Жакыр да болсом мен өзүм, // Жаандан чыккан жоргомун» деген төрт сапты албаганда, башка окшоштуктар жок. Бул эки текстти эки башка Токтогул ырдагандай таа сир калтырат. Сагындык Сапаровдон жазылып алынган текстте: «Мен жая салган торкомун. // Жаныңа барып айтыштан // Хан Дыйкан, // Сенин жаалыңдан коркомун» деп Дыйканбай болуштан коркконун эмес, ага болгон сый-урматын көрсөтүп жатат. 1956-жылы жарык көргөн китеп-теги текстте: «Дыйканбайдын үйүндө, // Жүргөнүңдү ырдадың. // Кошоматка кой союп, // Күлгөнүңдү ырдадың. // Казы ме-нен картага, // Тойгонуңду ырдадың. // Кан Дыйканбай ырчысы, // Болгонуңду ырдадың» деп Дыйканбайды теңине албагандай ырдап жатпайбы. Эки Токтогулдун кимисине ишенсек болот?!! Токтогулду өз көзү менен көргөн адамдардан укканын кулагына илип калып, Токтогулдун өзүнөн тактап калбаганына өкүнгөн Сагындык Сапаров айтып берген текстке ишенебизби, же кимден жазылып алынганы белгисиз 1956-жылы жарык көргөн китепке жарыяланган тексткеби?

1956-жылы  жарык  көргөн  Токтогул Сатылгановдун «Чыгармалар жыйнагы» Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун грифи менен чыккан жана анда жарык көргөн ар бир ырга, Токтогулдун чыгармаларында кез-дешкен адам аттарына түшүнүктөр берилген олуттуу басылма. Жыйнакты адабиятчы Дүйшөн Сулайманов түзүп, китептин баш сөзүн да жазган экен. Бу киши Токтогулдун ырларын чогултуу жана акын тууралуу маалыматтарды жыйноо, тактоо ишине түздөн түз катышкан. Ал Сагындык Сапаров менен жолукту бекен, же жокпу аны айталбайбыз. Аттиң, эгер Дүйшөн Сулайманов Сагын-дык Сапаровго жолугуп, “Арзыматка” деген ырдын жазып алганда кандай болоор эле, ким билет?!!

Адабиятчы Жаки Таштемиров 8 сап ырды кимден “карызга” алган?

Ананкысы анан бар дегендей, Токтогулдун 100 жылдыгынан кийин 1968-жылдагы  эки  томдугунан  баштап, кийинки чыккан томдуктарына акындын «Арзыматка»  деген  ырынын  «толукталып, алымчалар-кошумчалар» киргизилген текстти жарыяланып келатат. Ал текст бул:

«Бекти көрсөң, мактайсың,

Бекер ичкен аш үчүн

Кошомат кылып бегиңе

Бечараны каптайсың.

Ханды көрсөң мактайсың,

Кардың тойгон жериңде

Кошомат кылып ханыңа

Карыпты көрсөң, каптайсың.

Хан Дыйканбай үйүндө

Жүргөнүңдү ырдадың.

Кошоматка кой союп

Күлгөнүңдү ырдадың.

Бий, болуштун астында

Сен да билгениңди ырдадың.

Казы менен картага

Тойгонуңду ырдадың.

Хан Дыйканбай ырчысы

Болгонуңду ырдадың.

Кара карга үндөнүп

Каркылдаган, урганым!…

Манаптан ичкен ашыңа

Мактанып жүргөн экенсиң,

Мадырайган соргогум

Мени жакырсың деп кордодуң.

Жакыр да болсом мен өзүм

Жаандан чыккан жоргомун».

15 жылга жетпеген убакыттын ичинде Токтогулдун «Арзыматка» деген 1956-жылы  жарык  көргөн  15  сап  ырына  9  сап кошулган:

«Бекти көрсөң, мактайсың,

Бекер ичкен аш үчүн

Кошомат кылып бегиңе

Бечараны каптайсың.

Ханды көрсөң мактайсың,

Кардың тойгон жериңде

Кошомат кылып ханыңа

Карыпты көрсөң, каптайсың…

…Бий, болуштун астында

Сен да билгениңди ырдадың».

Жылына бир саптан таап кошуп отурушканбы, айтор «Арзыматка» деген ырга мындай түшүндүрмө берилген: «Арзыматка». Биринчи жолу 1940-жылы 22-ноябрда «Ленинчил жаш» газетасына жарыяланат. Жоомарт Бөкөнбаевдин макаласында цитата кылып келтирилет. Анда 17 сап ыр болсо, 1950-жылы чыккан жыйнагында эки жол ыры түшүп калган.

Бий-болуштун алдында,
Сен да билгениңди ырдадың.

Мындан башка да айрым ыр жолдору өзгөрүлгөн. «Кан Дыйканбай үйүндө» деген ыр жолу» «Дыйкандын үйүндө» болуп кеткен жана башка өзгөртүүлөр мурунку калыбынча кайрадан оңдолуп чыкты. 1957-жылы Токтогулдун жердеши К.Маркс атындагы колхоздун мүчөсү Сапаров Сагындыктан Ж.Таштемиров тарабынан дагы үзүндүлөр жазылып алынган. Ошонун негизинде бул ырга 28 жол ыр дагы кошулду» (Токтогул Сатылганов, Чыгармаларынын 2 томдук жыйнагы. 290-291-бб. Фрунзе. 1968-ж. 304-бет.). Ырга берилген түшүндүрмөдө «28 жол ыр кошулду» деп техникалык ката кетип калган окшойт. «Арзыматка» деп алгачкы жарыяланган 17 сап текстке 1968-жылы жарык көргөн Токтогулдун чыгармаларынын эки томдугунда 8 сап ыр гана кошулган. Биз китептерге берилип келаткан тексттерге эч кандай түшүндүрмө бергибиз келбейт. Себеби, ырдын мүнөзү, духу түшүндүрмөнү деле талап кылбайт. Эптеп эле Токтогулду элдик ырчы кылып, Арзыматты тебелеп-тепсеп, «бай-манаптын ырчысы», «эшик ырчы» кылыш мүмкүн болгон жана мүмкүн болбогон карасана-тай бурмалоолорго барышканы, текстти каалагандай өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизгени ачык-айкын көрүнүп турат. Болбосо, 1968-жылы жарык көргөн эки томдуктун түзүүчүсү жана баш сөзүнүн автору Жаки Таштемиров акындар поэзиясына жана акындарга калыс позициядан мамиле жасаганда, так тастыктамаларды бергенде, анда ал Сагындык Сапаровдон жазылып алынган Токтогулдун «Арзыматка» карата ырдаган ырынын тексттин, ырдын бир вариантын көз жаздымда калтырмак эмес. Анан калса, Сагындык Сапаровдон «Арзыматка» деген ырдын тексттин жазып алган Жаки Таштемиров өзү болгон. Ал Сагындык Сапаровдон жазып алган текст менен жарыяланып келаткан тексттин экөөнү тең тийиштүү түшүндүрмөлөр менен окурмандардын сынына койгондо, мындан Токтогулдун кадыр-баркы көтөрүлсө көтөрүлмөк, асти азыркыдай Арзымат болгонбу же болгон эмеспи, Токтогулдун «Арзыматка» деген ыры болгон, Арзымат ойдон чыгарылган каарман деген күдүк, күмөн санаган чаташ пикирлер жаралмак эмес. Токтогулдун кийинки жылдары чыккан томдуктарында такталып, толуктала бермек.