Б.Бөрүбашев: Жээнбековго каршы эми башка талапкерлер биригиши мүмкүн

КСДП партиясы алдыга сүрөгөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине каршы эми башка талапкерлер биригиши мүмкүн. Мындай пикирин саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Менин пикиримде КСДПнын талакерин ачык эле көрсөткөнү жакшы болду. Буга чейин ачык айтылган башка талапкерлер менен күрөштүн жаңы этабы башталды. Эми башка талапкерлер шайлоодо жеңип чыгыш үчүн биригиши мүмкүн»,-деди Бөрүбашев.

Эске салсак, кечээ, 17-майда өткөн саясий кеңешмеде КСДП партиясы президенттикке талапкер катары өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн.

Булак «Марал»