«Адамзаттын Айтматову» Казакстанда

Казакстанда Чыңгыз Айтматовдон 90 жылдыгына байланыштуу иш-чаралар кеңири масштабда өткөрүлүүдө. Бул багытта Түркү академиясы эл аралык уюму (TWESCO) чоң иштерди аткарууда. Академия кыргыз окумуштуулары менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун мурастарына арналган эки томдук фундаменталдык монографияны даярдады, алар жакында басмадан жарыкка чыгат. Бул тууралуу Астана шаарындагы Борбордук коммуникациялар кызматы кеңсесинде академиянын президенти Дархан Кыдырали билдирди.

Академия башчысынын айтымында, Эл аралык Түркү академиясы «Адамзаттын Айтматову» атанган улуу жазуучунун 90 жылдыгына арнап эл аралык деңгээлде иш-чараларды уюштурууда, анын алкагына кыргызстандык илимий уюмдар жана окумуштуулар менен чогуу аткарылчу долбоорлор киргизилген.

Мындан тышкары, академия быйыл белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык юбилейине карата «Түркү ааламындагы инсандар таалими» сериясы боюнча эл аралык иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдөөдө.

Белгилей кетсек, Түркү академиясы буга чейин «Чыгаан инсандар» («Тугырлы тулгалар») сериясы боюнча «Чыңгыз Айтматов жана азыркы түркү ааламы» аттуу китепти, ошондой эле КР Улуттук илимдер академиясы жана Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргелешип «Манас. Сагымбай энциклопедиясын» (1416 бет) жана академик Абдылдажан Акматалиевдин илимий жетекчилиги менен «Манас сөздүгүн» чыгарып, элге тааныштырган.